00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Из экзотики в классику: как орхидеи прижились в городских квартирах
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как защитить себя от недобросовестных строителей? Советы юриста
20:06
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутаттар азык-түлүктөгү "Халал" деген жазуудан күмөн санап жатышат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүПервая Московская международная выставка Халяль
Первая Московская международная выставка Халяль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр айрым өндүрүүчүлөрдүн "Халал" деп өз алдынча эле жазып алган учурлары бар экенин айтты.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев азыр Кыргызстандагы бардык эле азык-түлүккө "Халал" деген жазуу жазылып жатканын, аны ким көзөмөлдөй турганына кызыгып, маселени парламенттин жалпы жыйынында көтөрдү.

Продажа мяса на рынке в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Депутат: "Ош" базарында арам өлгөн малдын эти сатылып жатат
Бүгүн депутаттар "2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап жатат. Ал биринчи окууга киргизилет.

Экономика министри Санжар Муканбетов текшерүүнү сертификациялоо органдары жүргүзөрүн айтты. Андан сырткары, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору да жүргүзөт. Министр ошондой эле текшере турчу ар бир органда атайын инспекторлор окуудан өткөнүн билдирди.

"Биз Ислам өлкөлөрүнүн стандарттары жана метрология институтуна мүчө болгондон кийин ошол жааттагы профессорлор бизге келип окуу өткөрүп, сертификаттарын берген. Ошонун алкагында сертификациялоо органдары менен Санэпидемкөзөмөл борборунун текшерүүгө толук укугу бар", — деди Муканбетов.

Депутат Маматалиев "демек азыр продукцияларда "Халал" деген жазууга толук ишенсе болобу?" деп суроо салды.

Өз кезегинде Муканбетов "эгер ал Кыргызстандын сертификаттоо органдары тарабынан берилсе, ишенсе болорун" айтты.

"Кээ бири берилди деп эле жазып алып жатат. Биздин сертификациялоо органы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) менен чогуу берилген болсо, анда ал адал стандартына туура келет", — деди министр.

Маматалиев КМДБ менен сертификациялоо органы берген белгилеринин кандай болорун тактап, ал боюнча коомчулукка кеңири маалымат берүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0