00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
17:54
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Ак илбирс” борбору – жапайы жаныбарларды изилдеп, коргоодогу жаңы кадам
11:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как отличить инвестиции от пирамиды и не пожалеть
12:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Орус тили жана Пушкин: маданият, билим берүү жана заманбап окутуу ыкмалары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Особый акцент
Принять или отказаться - юрист о том, когда наследство становится источником проблем
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
Особый акцент
Принять или отказаться - юрист о том, когда наследство становится источником проблем
21:10
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ич күйдүрөт! "Достук" оюн аяктарына 15 секунда калганда "Ынтымакты" утуп кетти

© пресс-служба ГАМФКиСФинал кубка президента в первой лиги по кок бору в Чолпон-Ате
Финал кубка президента в первой лиги по кок бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогун "Достук" командасы утуп кетти. Оюн бүтөөрүнө 15 секунда калганда "Достуктун" оюнчусу Майрамбек Рыспеков бир улак салып, жеңишти камсыздады.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогун "Достук" командасы утуп кетти.

Оюндун башында эле 5-мүнөттө "Ынтымак" командасынын улакчысы Аудасбек Мырзабек уулу эсепти ачты. Ал эми экинчи бөлүктүн 7-мүнөтүндө жекеме-жекеден "Достуктун" оюнчусу улакты Эрсултан Айдаркан уулу алып чыгып, тай казандан бир аз өтүп жерге түшүрүп алды. Аны кайра Манас Ниязов эңип алып чапкан бойдон барып тай казанга ыргытты.

Жулуп чыгып ыргытканда. Достукка жеңиш алып келген салымдын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жулуп чыгып ыргытканда. "Достукка" жеңиш алып келген салымдын видеосу
Андан соң дагы улакты такымына басып, катуу чабуул менен баратканда атаандашы Жолдошбек Орозбаев капталдан урдуруп Манас Ниязов кулап түштү. Бир саамга жерде турбай жатып калды эле, тез жардам унаасы да келди. Бирок кайра абалы жакшы экенин айтып, атына минди. Ушул учурда ортодо талаш жаралды. Калыстар жагдайды кайра башынан карап, "Ниязовду атаандашы атайылап урдурган эмес" деген тыянак чыгарып, оюн уланды.

Ошентип үчүнчү оюн башталганда дагы Манас Ниязовду каршылашы дагы капталдан келип урдуруп, ал аттан учуп кетти. Бактыга жараша Ниязов оор жаракат алган жок. Андан кийин "Ынтымак" командасынын оюнчулары суурулуп чыгып тай казанга ыргытты эле улак түшүп, кайра секирип сыртка чыгып кетти. Демек, упай эсептелген жок.

Кайра эле таластык команданын улакчылары чабуул жасап, "Достуктун" тай казанынын жанына келип салууга аракет кылган. Бул жерде катуу тирешип, натыйжада Манас Ниязов сууруп чыкты да, чаң ызгыткан тейде чаптырып барып тай казанга салып койду. Арадан көп өтпөй "Ынтымактын" оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу бир улак салып, эсеп санын теңдеди.

15-мүнөттө улакты алып бараткан "Ынтымактын" оюнчусу Сейитбек Анарбек уулу аттан жыгылып, оюн бир саамга токтотулду. Калыстар кеңешип, аны атаандашы атайылап түрттүрбөгөнүн аныктады.

Оюндун кызыгы эң аягында болду. Бүтөөрүнө 15 секунд калганда "Достуктун" оюнчусу Майрамбек Рыспеков бир улак салууга жетишип,  3:2 эсеби менен көк бөрү аяктады.

Аттан кулаган, ылай болгон депутаттар. Аткаминерлер ойногон көк бөрүнүн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Аттан кулаган, ылай болгон депутаттар. Аткаминерлер ойногон көк бөрүнүн видеосу
Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогу Биринчи жана Жогорку лига болуп эки топко бөлүнгөн. Биринчи лиганын баш байгесин "Бакубат Талас" командасы утту. Оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү.

Натыйжада, баш байгени уткан командага бир миллион сом, экинчи орун 500 миң, ал эми үчүнчү орунду алган "Сары-Өзөн" командасына 250 миң сом берилди.

"Достук" менен "Ынтымак" командалары күчтүү атаандаштар, дайыма республикалык турнирлердин финалында беттешишет. Жеңиш эки тарапка тең ооп турат. Алсак, быйыл 9-майдагы мелдеште "Достук" 1:0 эсеп менен жеңип алса, Нооруз майрамындагы оюнда 6:1 эсебинде "Ынтымак" утуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0