Эх-хх… көк бөрү! Тура калган аткаминерлер, жалтанган милиционер. Кызыктуу 13 сүрөт

Жазылуу
Бишкекте Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча жогорку лиганын финалы болду.

Тандоо туру 15-мартта эле "Ак-Кула" ат майданында башталып, жеңүүчүнүн титулуна алты команда ат салышты.

Ипподромдо жакалашкан күйөрмандар. Көк бөрүнүн финалындагы видео - Sputnik Кыргызстан
Ипподромдо жакалашкан күйөрмандар. Көк бөрүнүн финалындагы видео
Ошентип финалга Талас облусунун "Ынтымак" жана Ош облусунун "Достук" командалары чыгып, жеңиш 6:1 менен аяктады. Үчүнчү орунду "Бакубат Талас" командасы ээледи.

Жеңген команда 500 миң сом, экинчи орунду ээлеген оюнчулар 250 миң, ал эми үчүнчү орунга татыган көк бөрүчүлөр 120 миң сом алды. Калган үч командага акчалай кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Төртүнчү орунга чыккан "Көк жалга" байге фондусунан 70 миң, ал эми "Төш-Булак" жана "Четиндиге" 30 миң сомдон берилди.

© Sputnik / Табылды КадырбековНооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү мелдеши 15-мартта эле башталган
Финал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
1/13
Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү мелдеши 15-мартта эле башталган
© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку лиганын финалына Таластын "Ынтымагы" менен Оштун "Достук" командалары ат салышты
Финал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
2/13
Жогорку лиганын финалына Таластын "Ынтымагы" менен Оштун "Достук" командалары ат салышты
© Sputnik / Табылды КадырбековМелдеш "Ак-Кула" ат майданында өттү
Финал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
3/13
Мелдеш "Ак-Кула" ат майданында өттү
© Sputnik / Табылды КадырбековУлакты талашкан оюнчулар
Финал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
4/13
Улакты талашкан оюнчулар
© Sputnik / Табылды КадырбековУлакты жерден эңип алуу үчүн каруу керек
Финал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
5/13
Улакты жерден эңип алуу үчүн каруу керек
© Sputnik / Табылды КадырбековТаластын оюнчулары мыкты даярдыкта экенин көрсөтө алышты
Финал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
6/13
Таластын оюнчулары мыкты даярдыкта экенин көрсөтө алышты
© Sputnik / Табылды КадырбековЖерде жаткан улакты шамдагай, күчтүү оюнчу гана эңип алат
Финал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
7/13
Жерде жаткан улакты шамдагай, күчтүү оюнчу гана эңип алат
© Sputnik / Табылды КадырбековУлакчылар мындай оюндарга түшүү үчүн жылдап машыгат
Финал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
8/13
Улакчылар мындай оюндарга түшүү үчүн жылдап машыгат
© Sputnik / Табылды КадырбековТрибунадан жардана караган эл улакчыны сүрөөнгө алып жатышат
Финал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
9/13
Трибунадан жардана караган эл улакчыны сүрөөнгө алып жатышат
© Sputnik / Табылды КадырбековКамчыны оозго тиштеп, улакты такымына баскан оюнчу
Финал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
10/13
Камчыны оозго тиштеп, улакты такымына баскан оюнчу
© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрүнү көрүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, ЖК депутаты Канат Исаев, Алмамбет Шыкмаматов жана вице-премьер Замирбек Аскаров келди
Финал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
11/13
Көк бөрүнү көрүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, ЖК депутаты Канат Исаев, Алмамбет Шыкмаматов жана вице-премьер Замирбек Аскаров келди
© Sputnik / Табылды КадырбековОюнда бул сапар да Таластын "Ынтымак" командасы жеңүүчү болду
Финал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
12/13
Оюнда бул сапар да Таластын "Ынтымак" командасы жеңүүчү болду
© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпиондорго 500 миң сом сыйлык тапшырылды
Финал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
13/13
Чемпиондорго 500 миң сом сыйлык тапшырылды
Жаңылыктар түрмөгү
0