Кыргызстанда аялдын жашоосун жеңилдеткен 7 кызмат. Түрү, баасы

Жазылуу
Кыз-келиндер, акчаңар бар, бирок дем алыш күнкү убактыңар тар болуп жатса, бул макаланы сөзсүз окугула!

Аял кишинин эркектикине караганда түйшүгү көбүрөөк. Убактысы үй жыйнап, тамак жасап, балдарын жуунтуп-тазалантканга эле кетип калат. Алардын жасаганы майда көрүнгөнү менен убакытты аябай эле алат.

Акча болсо азыр аялдын жумушун жеңилдеткен көп эле кызмат чыкты. Алсак, конок тоссо идиш-аяк жууп берчү кызматтардан, үйүңдү жыйнап, балаңды бир-эки саатка карап берчүлөргө чейин бар экен. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыз-келиндерге кереги тийип калар деген ниетте аялдын жашоосун жеңилдетчү кызматтардын айрымдарын, болжолдуу баасы менен кошо тизмектеди.

Үй жыйнап берчү кызматтар

Үйдү толугу менен тазалап-жууп чыгуу үчүн аялга бир күн да аздык кылса керек. Майда көрүнбөгөн жумуштар канча? Шкаф жыйнап, ванна-даараткананы тазалоого эле эмне деген убакыт, мээнет кетет.

Кыргызстанда кош бойлуу жана төрөгөн аялдарга берилчү жөлөк пул  - Sputnik Кыргызстан
Декретке чыкканы жатасызбы? Алчу жөлөк пулуңуздун көлөмүн билип алыңыз
Бүгүнкү күндө калаада клининг (жууп-тазалап берүүчү) компаниялар иштейт. Баалары ар биринде ар кандай. Алсак, кээ бири бир бөлмөлүү үйдү 2500 сомдон өйдө, эки бөлмөлүү тамды 3000 сом, үч бөлмөлүү үйдү 3500, ал эми чоң жер тамдарды 4000 сомдон жогору баага тазалап беришет. Бул каражаттын ичинде терезе жуугандан тарта сантехниканын баарын тазалап, дезинфекциялап, идиш, кир кийимдерден бери жууп кетишет. Мындан сырткары, кошумча акча төлөсөң кийим үтүктөп, шкафтын ичин да иреттеп коюшат.

Эгер бул бааны кымбат десеңиз 1000 сомдон жогору баада үй жыйнаган кызматтар дагы бар.

Бала карашчу кызматтар

Бала менен үйдө отурган келиндер кээде сыртка жумуштап чыгышы керек болуп калат. Айрым учурда жолдошу менен кино же кийим алганга баргысы келет. Бирок калтырып коеюн десе баарынын эле апасы же кайненеси жанында болбойт. Мындай учурларды эске алуу менен калаада азыр баланы убактылуу карап берген "бир саатка бала кароочу" деген кызматтар көп эле экен. Айрымдары үйгө келип карап берсе, кээ биринин өздөрүнүн атайын имараты бар. Балдарды ошол жакка таштап коюп эс алып, жумуштарды бүтүрүп келсе болот. Алардын баалары ар кандай.

Болжол менен эки саатка чейин бала кароо 250 сом, бир айга 12 миң сом. Сиз менен кошо бир жакка барса бала кароочулар жол киресин кошпогондо саатына 150 сом алат экен. Ал эми дагы бир компания алгачкы эки саатына 150 сомдон, үчүнчү сааттан баштап 100 сомго карап берет. Эгер сиз бала карачу адамды 24 саатка жалдасаңыз, анда 2500 сомуңуз болушу керек. Мындай кызматты конокко, тойго барганда, атургай Ысык-Көлдө эс алууга да колдонсоңуз болот экен.

Конок тосуша турчу кызматтар

Аял кишиге конок тосуу — чоң жумуш. Айрыкча, көп киши чакырып же куда тосо турган болсоң жакшылап даярдануу керек. Мындан улам, мейман тосууга көмөкчү болгон кызматтарды да тизмектедик.

Ашпозчу

Той-топурда салат, тамактын түрүн жасап убара болгуңуз келбесе ашпозчу жалдай калганыңыз дурус. Анткени алар жер-жемиштен тарта салат, тамакка керектелүүчү азык-түлүктү даана жеткидей кылып тизмелеп жазып беришет.

Ашпозчулардын орточо кызмат акысы — 5000 сом. Анын ичинде төрт түр салат, эки түр тамак кирип, дасторконду да белендешет.

Идиш жуугуч

Идиш-жуугучтардын кызмат акысы — бир күнгө 1000-1500 сомго чейин. Бир идиш жуугуч 20 кишини тейлей алат. Эгер 50гө чукул мейман тосо турган болсо, үй ээсинин эки идиш жуугуч жалдаганы туура.

Эгер ашпозчу, идиш жуугуч, официантты чогуу бир эле эле чакырам десе 9000 сомго бааланат.

Боорсок жасачулар

Лонгрид: Кыргыздын колунан чыккан өзгөчө буюмду арабдар 200 долларга сатып алат - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын колунан чыккан өзгөчө буюмду арабдар 200 миң долларга сатып алат
Үйдөн чара-чара боорсок жасаган да калып баратат. Себеби даамдуу боорсокторду жасаган кызматтар көп.

Жөнөкөй эле кесилген төрт бурчтуу боорсоктун килограммын 120 сомго жасатса болот. Ал эми кооз кылып кесилген боорсоктордун 1 килограммы 140-150 сомго бааланат. Беш килограммдан көп боорсокко буйрутма бергендерге шаар ичинде жеткирүү акысыз.

Палоо басчулар

Жамандыкта, жакшылыкта көбүнчө палоо басылат эмеспи. Эгер сизге мындай кызматтын түрү керек болсо чайканаларга кайрылсаңыз болот.

Чайканалардын палоо баскан ашпозчуларынын кызмат акысы бир аз кымбатыраак. Алар буюртмага 1 килограмм палоону 1200-1500 сомго басып, жеткирип берет.

Эгер керектүү азык-түлүктү даярдап үйдөн бастырам десеңиз, килограммы 500-700 сом болот.

Мындан сырткары, өз үйүнөн палоо басканга буюртма алып иштегендер бар. Алар 1 килограмм күрүчтү 900-1200 сомго чейин басып, жеткирип берет.

Килем жуучулар

Азыр илгеркидей үйдөн жышып килем, палас жуумай да калып баратат. Бүгүнкү күндө аларды жууп берген аппараттар чыккан. Эртең менен таштап койсоңуз күн жылуу болсо, кечинде эле жаркыратып жеткирип беришет. Килемдин бир чарчы метрин 50-80 сомго чейин жууп беришет.

Жаңылыктар түрмөгү
0