Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманакун уулу: Бишкекте мыйзамсыз курулган 1879 объект түрттүрүлдү

© Sputnik / Асель АкматалиеваБишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талантбек Иманакун уулу
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талантбек Иманакун уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талантбек Иманакун уулу калаада мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери жүрүп жатканын айтты. 
Иманакун уулу: Бишкекте мыйзамсыз курулган 1879 объект түрттүрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта Бишкек мэриясы тарабынан мыйзамсыз курулуш деп табылган 1879 объект түрттүрүлдү. Бул тууралуу Талантбек Иманакун уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзамсыз деп эсептелген капиталдык курулуштар боюнча Бишкек мэриясы 45 доо арыз менен сотко кайрылган. Ал боюнча соттон 64 аткаруу баракчасы чыгарылып, учурда сегиз үй түрттүрүлгөн соң жер тилкелер муниципалитетке кайтарылып алынды.

"1879 мыйзамсыз курулуштун ичинен 745 объект — соода күркөлөрү. Ошондой эле капиталдык курулуш болуп эсептелген 143 уруксатсыз салынган үй жана пайдубал түрттүрүлдү. Мындан сырткары, шаардын архитектурасына туура келбей, көркүн бузган 987 көрнөк-жарнак алынды. Учурда бул багыттагы иштер тынымсыз жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө мыйзамга баш ийбеген жарандар биздин ишибизге тоскоолдук жаратышууда. Алардын салып алган үйлөрү боюнча сот өкүмү чыгып, аткаруу баракчалары аркылуу укук коргоо органдары менен бирге чара көрүлүп жатат. Аталган аракеттердин аркасы менен азыркы тапта сегиз үй түрттүрүлүп, жери мэрияга кайтарылды. Соттун чечими менен дагы 54 объектиге өкүм чыккан. Эми алар да түрттүрүлөт. Бул жерде дагы бир белгилей кетчү жагдай, бузуу иштерине кеткен чыгымды объектинин кожоюну төлөйт", — деди Иманакун уулу.

Ошондой эле ал 2017-жылы Бишкек мэриясынын алдында мыйзамсыз курулуштар боюнча оперативдик штаб түзүлүп, анын аткарган ишинин натыйжасында эки жылдан бери уруксатсыз салынган объектилердин саны кыскарып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0