Москвадагы официант Эржан бокс боюнча Евразия чемпиону аталды. Спортчунун маеги

© Sputnik / Светлана ФедотоваКыргызстанский боксер Эржан Тургумбеков
Кыргызстанский боксер Эржан Тургумбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык 23 жаштагы Эржан Тургумбеков жакында бокс боюнча Евразиянын чемпиону болду. Бир жылдан ашык убакыттан бери Россияда машыгып, профессионалдар арасында күч сынашкан спортчудан мекендештери көптү үмүттөнүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы 14 жашынан бери бокс менен алектенген спортчу менен маек курду.

Мушкер Бишкектеги окуусун атайын таштап, Екатеринбург шаарында спорт менен машыгып келет. Анын максаты — дүйнө чемпиону болуу.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Erzhan Turgumbekov (@turgumbekov_erzhan)

— Жеңиш кут болсун. Кыргызстандан көрүп аябай кубандык. Соңунда өзүңүздүн эмоцияңызды да жашыра алган жоксуз. Беттешке кандай даярдык көрдүңүз эле?

— Жыл башынан бери профессионалдар арасында үч беттеш өткөрдүм. Евразиянын чемпиону болушум өзүмдүн карьерамдагы эң чоң жетишкендик болду. Негизи бул титулдук беттешке катышуу мурун пландалган эмес эле. Ошондуктан бир айдай эле даярдандык. Украиналык каршылашым дүйнө жүзүндөгү жаш мушкерлердин арасында 70-орунда болсо, мен 305-орунда болчумун. Кечээ күнү ал тизмени жаңылашыптыр, мен 65-орунга чыктым.

Турнир Issyk-Kul Swim Challeng - Sputnik Кыргызстан
Депутат Турусбеков менен экс-премьер Сариев Ысык-Көлдү сүзүп өттү. Сүрөттөр
Чоң тобокелчиликке салдым, себеби мындай мүмкүнчүлүк күндө эле келе бербейт. Каршылашым чындыгында күчтүү болду, машыктыруучум менен кеңешип чечим кабыл алгам. Эмоциямды жакшы эле кармайын дегем, бирок болбой калды. Июлда эле рингге чыгып, каршылашым менен тең болуп калгам. Ошондон бери өзүмө келе албай жүргөм. Кийин чемпиондук кур үчүн күч сынашуу боюнча сунуш келгенде ишенич жок болчу. Машыгуу учурунда кыйналып жүрдүм, 10 раунддук беттешке биринчи жолу чыктым. 10 килограмм салмак ташташ керек болуп, даярданып жатканда чарчап калган элем. Анан ата-энем менен кеңешкен да болчумун. Кыскасы, менде өтө чоң жоопкерчилик бар болчу. Соңунда жеңүүчү атап колумду көтөргөндө эле көздөн жаш кетти.

— Бул жеңиш башталышы эле болсун. Эмнеге профессионалдык бокс менен Россияда машыгып калдыңыз?

— Буга чейин Кыргызстандын бокс боюнча курама командасында жаштар, жаш өспүрүмдөр арасында ири турнир, чемпионаттарга катышып жүрдүм. 18 жашымда Москвага кетип калдым. Ал жакта профессионалдар арасында күч сынашып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп баргам. Бир эле учурда иштеп, машыгып жүрдүм, бирок өзүмө ылайыктуу жер таба албай койдум. Анан кайра Кыргызстанга келип өлкөнүн курама командасына кошулуп жакшы жыйынтык көргөзө албай, 2-3-орундарга эле илинип калып жаттым.

Москвадагы кыргыздардын Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын негиздөөчүсү, Ишкер аудитория журналынын директору, Байхан ишкерлер клубунун жетекчиси жана AIKOL FC мушкерлер уюмунун президенти Кубанычбек Осмонбеков - Sputnik Кыргызстан
Үй курууда мигранттарды ойлодум. Москвадагы ишкер Осмонбековдун маеги
Убакыт өткөн сайын профессионалдар арасында күч сынашууну эңсеп, ата-энем менен кеңешип RCC Boxing Promotions компаниясынын чакыруусу менен Россияга кеткем. Алгач компания өкүлдөрү биздин спорттук чеберчилигибизди көрүү үчүн сынакка чакырган. Ага 4-5 бала барган элек. Ошондо менин салмагымдагы орус спортчу менен рингге чыгып, сынап жаткандарга экөөбүз тең жагып калдык. Бир жарым айдан кийин экөөбүздү кайра беттештирип, жеңген калат деген талап койду. Ошентип аны утуп, дагы 2-3 жолу күч сынашып, беш жылга компания менен келишим түздүм.

— Москвада иштеп жана машыгып калдым деп калдыңыз. Ал жакта эмне иш кылчу элеңиз?

— Мен Москвага жаңы барганда мигранттарга кыйын эле болчу, текшерүүлөр өтө көп эле. Ал жакта кафе-ресторандарда официант, бармен болдум. Ошол эле маалда машыгуумду да калтырган жокмун. Бир эле маалда иштеп, машыгуу кыйын экендигин байкадым. Чынын айтсам, ошол жактан кыйынчылыктарды көрүп ата-энемдин баркын билдим, мекенди сагындым. Кээде Москвада спорт сүйүүчүлөр арасында турнирлерге катышып калчумун. Россиянын жараны болбогондон кийин ири турнирлерге чыгууга мүмкүнчүлүгүм жок эле. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Erzhan Turgumbekov (@turgumbekov_erzhan)

— Беш жылга түзүлгөн келишимде эмнелер каралган?

— Батир менен камсыздайт, Кыргызстанга учак менен барып-келгенге билет берет, тамак-аш, витаминизация, айлык, гонорар төлөйт. Бир жылда өткөрүлчү беттештерге шарт түзөт. Жаракат алып калсак дарыланууну төлөйт, медициналык камсыздандырууну эптештиришкен. Эң негизгиси спортчулар жеңиш алып келип, жакшы жыйынтыктарды көргөзүшү керек.

— Кыргызстанда мындай шарт жок болсо керек...

— Кыргызстанда спорт менен он жылдай машыгып жүрдүм. Бул убакыт аралыгында алты айдай эле 8000 сомдон стипендия алдым. Көбүнчө ата-энемдин акчасы менен жүрдүм, кээде фитнес-клубдарда машыктыруучу болуп тыйын таба калчумун. Ошого жараша жакшы жыйынтык да көргөзө алган жокмун. Анан бизде профессионалдык бокс жок. Аны менен алектенүү үчүн сөзсүз сыртка чыгуу керек. Мисалы, кезинде мушкер Орзубек Назаров Японияга, Алмазбек Раимкулов Америкага кеткен. Биз, Акжол Сулайманбек уулу экөөбүз, Россиядан баштадык.

— Чет жакта спортчуларды даярдоодо кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз? Биз эмнеден аксайт экенбиз?

— Бардыгы келип акчага такалат. Мисалы, компания мени турак жай менен камсыздаган. Машыгуу маалында салмак таштап жатканда тынчтыкты сүйүп каласың, ошондо эч ким тынчыңды албашы керек. Ал учурда кичинекей дабыштар да уйкуга таасир эте баштайт. Мага бир айда эле витаминге 15-20 миң рублдей акча кетет. Спарринг-өнөктөштөрдү чет өлкөдөн тыйын төлөп алып келишет, мен бир залда эмес, үч түрдүү залда машыгам. Андан сырткары, тамак-аш, өзүбүздүн дарыгер, укалоочубуз иштейт, чет жактан окуп келген тажрыйбалуу машыктыруучуларыбыз бар. Мына ушунун баары эле акча. Ушул нерселерди Бишкекте көргөн жокмун. Кыргызстанда союз учурундагы эле күчтүү машыктыруучулар болбосо, жаңы бокстун системасы боюнча машыктыруучулар жокко эсе. Ушундан улам атаандаштык жок, жакшы жыйынтыктар аз болуп жатат.

— Түшүнүктүү. Буюрса эми кандай пландар болуп жатат, башка өлкөлөрдү багындыруу максатыңыз барбы?

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү! Кыргызстандын волейболчулары Азия чемпиону болду
— Жакында Кыргызстанга барып ата-энем, жакындарым менен эс алам. Жыл аягына чейин дагы бир беттеш өткөрүүнү пландап жатам. Бизге ромоутердик компаниябыздын атынан башка өлкөлөргө чыкканга шарт түзүлгөн. Мени менен чогуу машыккан кыргызстандык Акжол Сулайманбек уулунун АКШга визасы бар, жакын арада ал Америкада машыгып, ал жакта беттеш өткөрүп калышы мүмкүн. Дагы бир балабыз 12-сентябрда АКШда беттешсе, тажикстандык мушкер Африкада күч сынашат. Убакыт келсе биз да чыга баштайбыз. Анткени рейтинг жогорулаган сайын чет өлкөдөн чакыруулар түшө баштайт. Кудай ден соолук берсе, профессионалдар арасында дүйнө чемпиону болсом деген кыялым бар. Буюрса, ал күндөр да жакындап калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0