БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кайрат Нурпеисовду Кыргызстанга элчи кылып дайындады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Өткөн жылдын 7-февралында элчи болуп дайындалган Карим Кокрекбаев кийин белгисиз себептерден улам кызматынан бошотулган.
Кайрат Нурпеисов финансы боюнча вице-министр, президенттин администрация жетекчисинин орун басары, Мамлекеттик кызмат иши боюнча агенттиктин төрагасы жана сенаттын аппаратынын жетекчиси болуп эмгектенген. Акыркы кезде президенттин парламенттеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болуп турган.