00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Буту баспаган баланын унаа айдаганын көрдүңүз беле? Видеомаек

Жазылуу
Арабада отурган Дастан Алымбеков 4 жыл мурда автоунаа айдаганды үйрөнгөн. Буту иштебесе да башка айдоочулардан кем калбай, калааны айланып, жумуштарын бүтүрө алат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары Дастандын унаа башкарганын көргөнчө, аны менен баарлашып, калааны бир сыйра кыдырып келди.

— Унаа айдап жүргөнүңүзгө канча убакыт болду?

— Быйыл төрт жыл болот.

— Көнүп калган турбайсызбы?

— Башында кыйналдым. Соо адамдар унааны буту менен айдаса, биздин эки колубуз тең бош эмес. Атайын тормоз, газды басып турган темир таякты колубуз менен башкарабыз. Бир колубуз болсо рулда. Башкалардай телефон чалса жооп бере албайбыз (жылмайып).

— Бул темир таяк атайын жасалабы?

— Кыргызстанда жок экен. Россиядагы дос балабыз жасатып берген.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваДастан Алымбеков: мен унааны жакшы айдап калгычакты апам жаныман жарым карыш жылбай жүрдү. Бардык жерге экөөбүз чогуу барчубуз. Атургай кыздарга да апам менен барчумун.
Буту баспаган баланын унаа айдаганын көрдүңүз беле? Видеомаек - Sputnik Кыргызстан
Дастан Алымбеков: мен унааны жакшы айдап калгычакты апам жаныман жарым карыш жылбай жүрдү. Бардык жерге экөөбүз чогуу барчубуз. Атургай кыздарга да апам менен барчумун.

— Унаа айдаганды тез эле үйрөнүп кеттиңизби?

— Алгач автомектептен окудум. Бирок бизге окшогон адамдарды алар да оңой менен албайт экен. Эптеп окуп, андан кийин инструктор өзүбүздүн унаа менен үйрөттү. Бул апамдын машинасы. Ал киши мен жакшы айдап калгычакты жаныман жарым карыш жылбай жүрдү. Бардык жерге экөөбүз чогуу барчубуз. Атургай кыздарга да апам менен барчумун (күлдү). Тажрыйба топтоп калгандан кийин анан мага бул көлүктү белек кылды.

— Мен сизге окшоп буту баспагандардын унаа айдаганын биринчи жолу көрүп жатам. Негизи кол менен унаа башкаргандар дагы барбы?

— Анча деле көп эмес болсо керек. Анткени айдоочулук күбөлүк аларга оңой менен берилбейт.

— Шаарды жалгыз эле кыдырып жүрө берет турбайсызбы?

Арабадагы майып Бишкектин бир да имаратына кире албай... Көйгөйлүү видео - Sputnik Кыргызстан
Арабадагы майып Бишкектин бир да имаратына кире албай... Көйгөйлүү видео
— Дайыма эмес. Себеби унаа менен жөн эле шаар кыдырып жүрө бербейм да. Андан түшүп араба менен бир имаратка кириш керек болот же дагы башкасы чыгат. Андай учурда жалгыз кыйналасың. Унаага отурарда эгер жалгыз болуп калсам арабам трансформер болгондуктан, дөңгөлөктөрүн чыгарып, бүктөп туруп салып алам. Андан түшкөндө бир имаратка кирип же тротуарда жүрүү оор. Анткени соода түйүндөрдөн башка жерлерде пандус жок, тротуарлардын жолу жаман. Ар кимден "чыгарып койчу", "түшүрүп койчу" деп жардам суроого туура келет. Антип жалдырагың да келбейт. Коомдук транспорттордон бизди троллейбустар эле салбаса, башкалар тоссоң да албайт. Мурда унаа айдай элегимде шаарга жетүү биз үчүн тозок болчу. Новопокровка районунда тургандыктан, ал жактан маршруткага отура албайсың же такси келбейт. Айтор, дайыма кыйынчылык менен шаарга жетчүбүз.

— Дастан, бутуңуз тубаса баспайбы же кырсыктадыңыз беле?

— Жүлүндө шишик бар деп дарыгерлер биринчи операцияны төрөлгөндөн кийин жасашыптыр. Анда басып эле жүргөм. Андан соң 1-классымда экинчи ирет операция жасап, ошондон кийин баспай калдым. Биздин ак халатчандар "балаңар баспайт" деп ооруканадан чыгарып, карабай коюшуптур. Бирок ата-энем жакшылыктан үмүт үзбөй, Кытайга эки жолу реабилитацияга алып барды. Ошондон кийин бир аз абалым жакшырды, бирок баса албайм.

— Ошону менен мектепке барбай калдыңызбы?

— Үйдөн окудум. Мектептин программасын бүткөндөн кийин колледжге тапшыргам. Буюрса, салыкчы болуп чыгам. Колледждин программасын дагы үйдөн өздөштүрөм.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваДастан Алымбеков: 15 жашыма чейин үйдөн такыр чыкчу эмесмин. Түнт болчумун. Андан кийин үйгө бир бөлөм келип калып, мени атайын семинарларга жаздырып, эл аралык долбоорлор менен иштешкенди үйрөттү.
Буту баспаган баланын унаа айдаганын көрдүңүз беле? Видеомаек - Sputnik Кыргызстан
Дастан Алымбеков: 15 жашыма чейин үйдөн такыр чыкчу эмесмин. Түнт болчумун. Андан кийин үйгө бир бөлөм келип калып, мени атайын семинарларга жаздырып, эл аралык долбоорлор менен иштешкенди үйрөттү.

— Дайыма үйдө отурсаңыз, коомго аралашуу кыйын болгон жокпу?

— 15 жашыма чейин үйдөн такыр чыкчу эмесмин. Түнт болчумун. Андан кийин үйгө бир бөлөм келип калып, мени атайын семинарларга жаздырып, эл аралык долбоорлор менен иштешкенди үйрөттү. Эки ай англис тилин окудум. Бара-бара өзүмөн-өзүм активист болуп, ачылдым. Азыр SMM адисмин. Ар түрдүү баракча, сайттарды соцтармакта жарнамалап иштейм. Мындан сырткары, ар түрдүү роликтерди тартам.

— Алдыда кандай пландарың бар?

— Пландар көп эле. Анын ичинде араба менен эле марафонго катышып көрөйүн деп жатам.

— Кантип?

— Кадимкидей эле араба менен чуркайм. Азыркы тапта машыгып жатам.

Жаңылыктар түрмөгү
0