Валентина Шевченко беттештен кийин канталаган буттарын көрсөттү. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековЖеңил салмак категориясы боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко. Архив
Жеңил салмак категориясы боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармаш учурунда Шевченко атаандашын буту менен бир нече жолу тепкен.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жеңил салмак категориясы боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко америкалык мушкер Лиз Кармуш менен болгон беттештен кийин буттарынын кан тамырлары жарылып, көгала болуп калган видеосун көрсөттү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

Кыргызстандык спортчу бүгүн, 11-августта, Монтевидео (Уругвай) шаарында беттеш өткөрдү.

Валентина Шевченко америкалык Лиз Кармушту утуу менен чемпиондук наамын сактап калды. Ал жеңишинен кийин салтка айланган лезгинкасын аткарды.

Жеңил салмак категориясы боюнча чемпион Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
UFC рекордун жаңылады. Шевченко беттеште башка бир гана жолу сокку жеди
Эске сала кетсек, 11-августта Монтевидео (Уругвай) шаарында UFC Fight Night 156 турнири болду. Анда 57 килограмм салмакта кыргызстандык мушкер америкалык Лиз Кармуш менен беттешип, калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жетти. Муну менен Шевченко чемпиондук наамын экинчи ирет коргоп калды.

Беттеш бүткөндө Шевченко уругвайлыктар менен учурашып, күйөрмандарына ыраазычылык билдирген. Ошондой эле беттеш кандай өткөндүгү тууралуу айтып берген.

Кыргызстандык спортчу менен Кармуш буга чейин да октагондо жолуккан. 2010-жылы Оклахома (США) шаарында өткөн C3 Fights турниринде кыргызстандык мушкер үчүнчү раундда техникалык раунд менен утулуп калган.

Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун чемпиондук куруна 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп ээ болгон. Наамын биринчи ирет америкалык мушкер Жессика Айга каршы коргоп, аны нокаут менен жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0