Бейшембиге карата аба ырайы

© AFP / DAMIEN MEYERГрадусник. Архив
Градусник. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө боюнча күн ачык болот.

БИШКЕК, 7-авг.— Sputnik. 8-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +35…+40, Таласта +31…+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +35…+40 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө +24…+29, Нарын аймагында +29…+34 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +37…+39, Бишкекте +38…+40 градуска жетет.

Чолпон-Ата шаарында термометр +27...+29 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0