БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченконун чехиялык спортчу Люси Пудилованы утуп алган беттеши UFC on ESPN 5 турниринин мыкты кармашы аталды. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымат жыйында айтышты.
💰 50Gs 💰@ToyoTires #UFCNewark pic.twitter.com/AwHol8jsr4
— UFC (@ufc) 4 августа 2019 г.
Эскерте кетсек, кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко 3-августта UFC уюмундагы үчүнчү беттешине чыгып, чехиялык Люси Пудилованы муунтуу ыкмасы менен утуп алган. Атаандашы эсин жоготуп, калыс таймашты токтотууга аргасыз болгон.
Бул беттеш үчүн эки спортчу тең сый акысынын үстүнө кошуп 50 миң доллардан алмай болду. Мындай сыйга турнирдин башка катышуучулары Мэтт Шнелл менен Насрат Хакпараст да ээ болушту.
💰 50k 💰
— UFC (@ufc) 3 августа 2019 г.
POTN: @Nasrat_MMA | @Danger_Caged #UFCNewark pic.twitter.com/mrUudpNEFY
Бул Антонинанын UFC ыйгарган алгачкы сый акысы. Ал эми анын сиңдиси Валентина мындай сыйга эки ирет татыган.