БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Антонина Шевченко UFC уюмундагы кезектеги беттешке чыгып, атаандашы чехиялык Люси Пудилованы утуп алды. Бул тууралуу аталган уюм Instagram баракчасы аркылуу кабарлап, кармаштын видеосун жарыялады.
Беттеш 30-август күнү АКШнын Ньюарк шаарында өттү. Кармаш маалында Шевченконун кашы жарылган. Бирок ага карабастан кыргызстандык мушкер экинчи раундда муунтуу ыкмасын колдонуп жеңишке жетти. Натыйжада чехиялык спортчу эсин жоготуп койгону айтылат.
Brutal @AntoninaPantera sometiendo a Pudilova en el 2o!!! #UFCNewark pic.twitter.com/PSEzWvl1YY
— UFC Español (@UFCEspanol) August 3, 2019
Антонина Шевченко UFC уюмундагы соңку беттешин ушул жылдын 20-апрелинде Санкт-Петербург шаарында өткөрүп, америкалык Роксанн Модаффериге упай эсеби менен утулуп калган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал эми аталган уюмдагы алгачкы беттешин былтыр декабрда өткөрүп, түштүккореялык Жи Йон Кимди жеңген.
Чехиялык Пудилова аралаш мушташ боюнча сегиз беттешти утуп, төрт мелдешинде утулган. UFC уюмунда үч кармаш өткөрүп, бир гана жолу жеңишин майрамдай алган. Соңку ирет америкалык Лиз Кармушка жеңилген.