Сүйлөшкөн кызымдан кооптонуп, тойду токтоттум... Жаш жигиттин каты

© AFP / FRED DUFOURВлюбленная пара в Китае
Влюбленная пара в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында сүйлөшкөн кызынын кыялынан коркуп, үйлөнгүсү келбей жаткан жигиттин каты жарыяланды.

...Жаш өткөн сайын туугандарың, ата-энең "качан үйлөнөсүң?" деп тажата беришет эмеспи. Үйдө үч кыз, мен жалгыз уулмун. Жогорку окуу жайды бүткөндөн бери эле жакындарым мени үйлөнтө албай убара. Азыр 27 жаштамын. Апам күндө "жашың өтүп баратат, үйлөн" дегенинен былтыр туугандар аркылуу бир кыз менен таанышкам. Башында анда-санда эле телефондон жазышып, андан кийин ымалабыз келише баштады.

Ал соода менен алектенет экен, эки жаш кичүү болчу. Мен болсо ижарага алып кафе иштетем. Керелди-кечке жумуштамын. Таанышканыбызга үч ай болгондон кийин кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык.

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүлөлүү эркектен боюмда болуп калды… Алданган кыздын каты
Экөөбүз тең жумушта болуп анда-санда эле кезигер элек. Тың кыз, баарына өз күчү менен жеткен, аракетчил, ошол сапатын баалачумун. Жемин жедирчү эмес.

Бир күнү апам "кызың менен сүйлөшүп жатасыңбы, мамилеңер жакшы болсо көп кармабагыла, сөйкө деле салып коёлу" деди. Макул болдум. Ошентип сөйкө салып, кыздын ата-энеси менен тааныштык. Жакшы адамдар экен.

Сөйкө салгандан кийин кызымдын кыялы өзгөрө баштаганын байкадым. Өзүнүн айтканын бербей "тойду мен каалагандай беребиз" деп чыкты. Тойду сүйлөшүп жатып эле экөөбүз уруша баштадык. Ал өзүнүкүн бербейт, мен өзүмдүкүн бербейм. Ал аз келгенсип, кызганып, саат сайын чалып тажатып жиберди. Ал тургай жумушума да келип алчу.

Кыйын болуп, кыялын көрсөтө баштаганынан өзүнө жолугуп "тойду убактылуу токтото туралычы, көйгөйлөрүм болуп жатат" деп койдум. Андан бери эки жума болду, кезиге элекпиз.

Ал деле төгөрөгү төп келген кыз. Болгону кыялы чорт, анан өзүнүкүн бербейт. Мен үйдүн жалгыз баласы болсом үйлөнгөндө башыма чыгып алсачы?

Психологго ошол себептен кат жаздым эле. "Үйлөнбөйм" деп баарынан баш тартсам, кызга да, ата-энеме да зыян келтирип албаймынбы? Жашы өткөн немелер дагы сарсанаа болушат. Үйлөнөйүн дейм, бирок дитим барбай жатат. Кандай кеңеш бересиздер?

Гүлнара Жасоолова, психолог:

— Үй-бүлө куруу — оюнчук эмес. Бүлө курардын алдында эки жаш бири-бирин түшүнгүдөй болгону жакшы. Сүйүүдөн да бири-бирин түшүнө билүү маанилүү. Биринин айтканына экинчиси муюп, бири жинденсе экинчиси сабырдуу болгондо гана ынтымактуу үй-бүлө куралат. Кызыкчылыктар биринчи орунга чыкпаш керек.

Пожилая пара в Газебруке - Sputnik Кыргызстан
Карыганда күйөөм кызганып, балдардын ДНКсын текшертти. Айласы кеткен аялдын каты
Кат жазган балага суроо: сүйлөшкөн кызыңыздын кыялын эске албаганда аны жакшы көрөсүзбү? Эгер жакшы көрсөңүз, аны менен түбөлүк жашап кетүүгө көзүңүз жетсе, анда үйлөнө бериңиз. Бирок "тың кыз, ата-энем үйлөн деп жатат, ата-энеси жакшы экен" дегениңиз чекилик. Мындай стереотиптен алыс болуңуз. Анын ата-энеси менен жашабайсыз, анын тыңдыгы ынтымактуу жашоого жардам бербейт. Албетте, жакшы, бирок үй-бүлө курууда бул маанилүү эмес.

Эгер "жок, жашай албайм, чекит койдум" деген чечим чыгарсаңыз, анда баарына эртерээк айтыңыз, туура түшүндүрүңүз. Ата-энеңиз сиздин бактылуу болушуңузду каалайт, ошол себептен кандай чечим кабыл алсаңыз да колдойт деп ойлойм. Кызыңыз, анын ата-энеси да жаман болот, бирок кийин ажырашып кеткенден көрө азыр чечишип алганыңар жакшы.

Негизи күнөө бир тараптан кетпейт, ошондуктан сиз кетирген кемчиликтерди да карап көрүңүз. Дос кызыңыздан качпай ачык отуруп сүйлөшкүлө. Баарын экөөңөр гана чечесиңер. Кийин экөөңөр жашайсыңар.

Мүмкүнчүлүгүңүз болсо психологго барыңыз. Сүйлөшкөн кызыңыз макул десе чогуу кайрылсаңар андан жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0