00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Поддержка молодёжных инициатив – о конкурсах для молодых творческих школьников и студентов от АНО «Евразия»
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жасалма интеллект жана дүйнөлүк экономика. Саресеп
17:04
35 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Выход из тени и послабления для бизнеса — как 2025 год прошел для предпринимателей КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Фергана өрөөнүндөгү кыргыз кыз-келиндеринин косметикалары. Тарыхчы менен маек
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аутист баланын атасы Бишкектен Ысык-Көлгө чейин веложүрүш жасайт

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваОтец ребенка с аутизмом Мирлан Ишенов
Отец ребенка с аутизмом Мирлан Ишенов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мирлан Ишенов веложүрүшкө дос баласы менен кошо чыгат. Каалоочулар болсо иш-чарага кошулса болорун айтты.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Аутист баланын атасы Мирлан Ишенов Бишкек шаарынан Ысык-Көлдүн Тоң районуна чейин веложүрүш жасайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине өзү билдирди.

Анын айтымында, веложүрүштүн максаты — аутист балдардын ата-энелерине маалымат жеткирүү.

"Өзүбүз Тоң районунда турабыз. Ортончу уулубуз аутист экенин билгенден бери Бишкекте реабилитациядан өтүп жатабыз. Аймактарда көп адамдын аутизм тууралуу маалыматы жок. Айрымдар баласы көпкө чейин сүйлөбөсө "тили кеч чыгар" деп жүрө берет. Мындан сырткары, кээ бир ата-энелер кайдыгерлик кылып аутист чүрпөлөрүн дарыгер, адистерге көрсөтпөйт. Аны канчалык эрте аныктап, убагында реабилитация кылса, кийин бала коомго өз алдынча кошула алат. Ошондуктан Тоң районуна жеткиче мен аутизм тууралуу "Рука в руке" коомдук бирикмесинин маалымат баракчаларын таратайын деп чечтим. Негизи велосипед менен Бишкектен Ысык-Көлгө жөн гана барып көрөйүн дегем. Бирок бул жүрүштү пайдалуу иш менен айкалыштырууну туура көрдүм", — деди Ишенов.

Велосипедчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
"10 жыл кыялдангам". Түркия мугалими Стамбулдан Бишкекке велосипед менен келди
Ал веложүрүшкө дос баласы менен кошо чыгат. Каалоочулар болсо иш-чарага кошулса болорун айтты.

"Тоң районуна жеткиче жол боюндагы айылдарга, ФАПтарга кирип баракчаларды таратып, эл менен кошо сүйлөшө кетебиз. Бул боюнча адамдын маалыматы канчалык көп болсо, алар балдарын адиске ошончо эрте көрсөтүшөт. Балдарга кайдыгер мамиле жасабайлы", — деди аутист баланын атасы.

Веложүрүш 3-августта саат 13:30да Гапар Айтиев көчөсүндө жайгашкан "Рука в руке" коомдук бирикмесинин кеңсесинин жанында башталат.

Мирлан Ишенов буга чейин экомарафонго катышып, жөө күлүктөр менен Ысык-Көлдүн айланасындагы таштандыларды тазалап чыгышкан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0