Шаршембиге карата аба ырайы

© AFP / PHILIPPE HUGUENДождь в Лилле
Дождь в Лилле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 1-3-августтарда +37…+39 градуска чейин жогорулайт.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. 31-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, Чүйдө +31…+36, Талас облусунда +29…+31 градус ысык болот.

Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +33…+38 градуска жетери болжолдонду.

Ысык-Көлдө +23…+28 жана Нарын облусунда +27…+32 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +34…+36 градуска чамалап барат.

Чолпон-Ата шаарында +24…+26 градус жылуу болору белгилүү болду.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0