Тагдырдын оор сыноосуна кабылган Айтолкун Ажибекова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына оор турмушу тууралуу айтып берди.
Каармандын айтымында, бир мезгилдерде алар азга каниет кылган, кийими бүтүн, курсагы ток, үстүндө үйү бар бактылуу бүлөдөн эле. Көйгөйдүн баары алар ишкерлик баштоону пландаштырып, банктан 100 миң сом насыя алгандан кийин башталган.
"Жолдошум экөөбүз базарда соода кылып, маңдай терибиз менен тапкан акчабызга Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен батир сатып алдык. Азыр ойлосом, ошол мезгилде кайгысы, көйгөйү жок жашаган бактылуу үй-бүлөлөрдөн экенбиз. Балдарыбыз чоңоё баштаган соң турмуш шартыбызды дагы жакшырталы деген үмүт менен дүкөн ачуу максатында көп кабаттуу үйдөгү батирибизди сатып, ордуна жер там алдык. Анын бир бөлмөсүнө чакан дүкөн ачтык. Ал үчүн банктан 100 миң сом насыя алууга туура келди. Алгач соода жакшы болуп, насыяны кыйналбай эле төлөп жаттык", — деди ал.
Көйгөйдүн баары жолдошу экинчи ирет насыя алып, акчанын жарымын досуна берген соң башталган.
"Өзү менен тең өскөн жердеш досу бар эле. Жолдошум ага ишенип, алган насыясынын жарымын кармата коёт. Досу акчаны кайтарбай, издетип, дайынын таптырбай кетти. Үстөккө-босток болуп соодабыз жүрүшпөй, насыяны төлөй албай кыйнала баштаганда 2001-жылы 17 жаштагы уулум 9-классты аяктап, жардам берем деген максат менен Бишкекке кеткен. Базарда иштеп тапкан акчасын бизге салып жүрдү", — деди оор үшкүрүнгөн эне.
Жолдошу жоголгон 19 жаштагы уулунун күйүтүнөн, бир чети насыя акчаны төлөй албай жүрөк ооруга чалдыккан. 2005-жылы катуу оорудан айыкпай, каза болгон. Насыя акчанын пайыздык төлөмү өсүп, аны төлөөгө Ажибекованын чамасы келбей, жашап жаткан үйүн банкка алдырып жиберген. Уулу менен жолдошунун күйүтүн көтөрө албай жүргөндө үйүнөн ажырап калышы аны биротоло төшөккө жыгат. Экинчи топтогу майыпка айланган аял он жылдан бери ай сайын берилүүчү 3000 сом жөлөк пул менен жан багып келет.
"Улуу кызымды күйөөгө узаттым. Кичүү кызым 17 жашта. Быйыл Ош шаарындагы жогорку окуу жайга тапшырды. Көкүрөк күчүгүм 13 жашта. Жашаарга турак жайыбыз жок болгондуктан ата-энемден калган эски үйдө баш калкалоого аргасызбыз. Майып болгондуктан иштей албайм. Белимде грыжа да бар экен. Төшөктө жатып калган күндөрдө уулум карайт. Турак жай жоктугунан Кызыл-Дыйкан айылында ар кимдин үйүндө жашоого туура келди. Жолдошумдун ата-энеси үч жашында каза болуп, өгөй эненин колунда чоңойгон экен. Ошол себептен кайын журтумдан да колдоо жок", — деди ал.
Ата-энесинен калган эски үйдө жашап жаткан энеге кайрымдуу жарандар үч бөлмөлүү үй салууга көмөктөшкөн. Учурда үйдүн дубалы тургузулуп, бирок каражаттын жоктугунан курулуш иштери токтоп турат. Айтолкун Ажибекова колунда мүмкүнчүлүгү бар жарандарды үйдүн чатырын жаап, курулуш иштерин аягына чыгарууга жардам сурайт.