БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Чүй облусунда "Өспүрүм" деп аталган рейд өткөндүгүн Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиЧүй облусунда "Өспүрүм" деп аталган рейд өттү
Чүй облусунда "Өспүрүм" деп аталган рейд өттү
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
24-июль күнү саат 08:00дөр чамасында Сокулук районунун милициясына 5-6 жаштагы кыз жеткирилген. Аны көчөдө мас болуп жаткан энесинин жанынан таап келишкен. Сүрөттөн энесинин качан ойгонорун күтүп, бактын жанында жөлөнүп турган кичинекей кызды көрүүгө болот. Ал эми энеси жерде, чөптүн үстүндө уктап жатат.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области24-июль күнү саат 08:00дөр чамасында Сокулук районунун милициясына 5-6 жаштагы кыз жеткирилген.
24-июль күнү саат 08:00дөр чамасында Сокулук районунун милициясына 5-6 жаштагы кыз жеткирилген.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Маалыматта психологдор балага квалификациялык жардам көрсөткөндүгүн жазды. Аны Чүй облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнө убактылуу жаткырышкан. Энесинин ким экендигин аныктап, кайсы жерде жашарын билгиче кыз аталган жайда болуп турат.
Виджет news