00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
5 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда аялдардын репродуктивдик ден соолугунун абалы кандай?
15:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Цифровизация в каждом предмете или как в АГУПКР готовят современных управленцев
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как изменилась роль местных властей за 35 лет независимости Кыргызстана
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Вермахтын аскерлери “II фронт деп корккон партизандар”: Дүйнөлүк II согуштагы каршылык көрсөтүү кыймылдары
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
«КАСКО Эконом»: сколько стоит защитить машину от ДТП в 2026 году
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда аялдардын репродуктивдик ден соолугунун абалы кандай?
21:08
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жээнбеков Рахмондун чакыруусу менен эртең Исфарага барат

Жазылуу
Эки лидер чек ара чыры чыкканга чейин эле кезигүүнү көздөп жаткан.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков эртең, 26-июлда, тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Исфара шаарына кыска мөөнөттүү жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Президенттин аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бул пландуу жолугушуу экенин, мындай сүйлөшүүлөр үзгүлтүксүз болуп турарын билдирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Сыдыковдун айтымында, сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланат. Ошондой эле чек ара боюндагы облустарда жашаган Кыргызстан менен Тажикстан жарандарынын ортосундагы ынак кошуналык мамилелерди өнүктүрүү боюнча пландар түзүлөт.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков чек арадагы абал боюнча аткаминерлерди чогултуп жыйын курду
Ал эми лидерлердин кийинки жолугушуусу Чолпон-Ата шаарында болору айтылды.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында чатак 22-июль күнү чыккан. Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочулары чырдаша кеткен. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушканда аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда бири-бирин ташка алып, ок атылган. Мунун кесепетинен 14 кыргызстандык жаракат алган болчу.

Ал эми 23-июлда тажик тараптан эки ирет ок атылып, кыргызстандык чек арачылардын бирөө жарадар болгон.

Кечээ жолдор жабылып, нааразы болгон эл Баткен облустук администрациясынын алдына митингге чогулган.

25-июлда эртең менен тосулган жолдор ачылып, Баткен шаарына убактылуу көчүрүлүп келген 700дөй киши үйлөрүнө кайткан

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0