00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Маалымат борбор

Баткен согушу Кыргызстанга кандай сабак болду? Эксперттердин пикири

© Фото / Владимир Пирогов История независимого Кыргызстана в архивных кадрах
История независимого Кыргызстана в архивных кадрах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тегерек столдун катышуучулары «Жамааттык коопсуздук келишими уюму анын курамына кирген өлкөлөр үчүн коргой турган чеп болуп турат» деген пикирге келишти.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Россияны кошпогондо Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө болгон ар бир өлкө масштабдуу түрдө жаралган кооптуулук менен жалгыздап күрөшө албайт. Бул туурасында "Альфа" деп аталган террорчулукка каршы күрөшүү боюнча ардагерлердин эл аралык ассоциациясынын төрагасы Юрий Погиба билдирди. Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борборунда өткөн "ЖККУга мүчө мамлекеттерде терроризм менен экстремизмге каршы туруу" аттуу тегерек столдо айтты.

Ал белгилегендей, 1999 жана 2000-жылдары болгон Баткен согушунун сабагы Кыргызстандын кооптуулукка жалгыздап күрөшүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугун көрсөттү.

"Биздин аймакка согушкерлердин отряды кирип келгенде эч нерсебиз жок болчу. Куралдуу күчтөрүбүз, материалдык-техникалык каражаттарыбыз болгон эмес. Алардын кирип келгендеги кесепетин жоюу үчүн эки жылга чукул убакыт кетти. Бул Кыргызстан үчүн маанилүү болду: колдоосуз, жалгыздап кооптуулук менен күрөшүүгө мүмкүн эместигин сезди", — деди Погиба.

Ал кесепеттерге каршы жүрүп жаткан логикалык күрөштүн уландысы ЖККУнун базасын түзүү болгондугун айтты.

Встреча президента Сооронбая Жээнбекова с участниками очередного заседания Совета министров иностранных дел ОДКБ - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков ЖККУ эмнеге көңүл бурушу керектигин айтты
"1999-жылы Кыргызстандын транспорттук маанидеги жана машыгуу үчүн делген үч вертолет жана эки учагы бар эле. Тоолуу аймакта топтолгон кылмыштуу топко авиациясыз каршы турууга мүмкүн эмес эле. Биздин аскердик бөлүмдөр союздаштар менен кантип өз ара кызматташууну билген эмес. Биргелешкен машыгууларды жүргүзүп, Кыргызстан менен Россия террордук кооптуулукка каршы туруу боюнча өз учурунда чараларды кабыл алып жатат", — деп белгиледи Погиба.

ЖККУ өлкөлөрүнүн бири-бири менен өз ара кызматташуусу боюнча юридикалык илимдердин доктору, профессор, БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев айтып берди.

"Баткен согушунун учурунда террордук топтордун кадамы канчалык кооптуу экендигин билгенден кийин болуп көрбөгөндөй ийиндешип турдук. Азыр россиялык эксперттер Борбор Азия мамлекеттерине болгон кооптуулукка көңүл буруп жатышат жана алардын айтканы жөн жерден чыккан сөз эмес. Россиянын Сириядагы ийгиликтүү иштери чыңалган абалды жумшартып, ЖККУнун беделин көтөрүп койду", — деп белгиледи Осмоналиев.

Баткендегидей согуштун кайталанышы мүмкүн эмес, бирок бул Кыргызстандын тынчып, жайылып отуруп калышына жол бербейт. Осмоналиевдин айтымына караганда, мамлекет чек араларын коргоого ар дайым даяр турушу керек.

Баткенде өлгөн аскер 1000 сомго бааланганда. Уулунан айрылган энелердин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Баткенде өлгөн аскер 1000 сомго бааланганда. Уулунан айрылган энелердин видеосу
"Аймактык эле эмес, мамлекеттер ортосундагы масштабда биргелешкен машыгууларды синхрондоштуруу, жакынкы жылдарга коюлган план, укуктук алгоритмдерди түзүү — мунун баары ЖККУнун туруктуулугунан кабар берет", — деп айткан ал.

Юридика илимдеринин доктору Кыргызстанда жетиштүү аскердик ресурстар жок экендигин, бирок бул ЖККУнун өнүгүшүндө маанилүү ролду ойноого тоскоол болбостугун айтты. Соңку отурумда Кыргызстан көтөргөн демилгелердин бардыгы мүчө-өлкөлөрдүн колдоосуна ээ болгон.

Быйыл ЖККУ Кыргызстанда бир топ эле ири аскердик машыгууларды өткөрөт. Ал август айында башталмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0