00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Коррупциядан түшкөн миллиондор мектептерди жакшыртат... Курулушка акча которулду

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПодготовка школ к новому учебному году в Казани
Подготовка школ к новому учебному году в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча акча эки шаар менен Чүй облусундагы мектептерге жумшала турган болду.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Чүй облусу, Бишкек менен Ош шаарларындагы 15 мектептин имаратына кошумча корпус куруу үчүн 799,3 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, чыгымдар коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен жабылат.

"2019-жылдын июлунан тартып республикалык бюджеттен каржыланган мектептерди куруу үчүн бирдиктүү депозиттик эсептен каржылоо ачылган. Биринчи траншы 15 миллион сомду түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Финансы министрлиги каражатты Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинен келип түшкөн өтүнмө боюнча берери айтылды.

Ведомстволор аралык комиссиянын анализинин жыйынтыгы боюнча, төмөнкү мектептерге кошумча корпустарды куруу чечими чыгарылган:

Бишкек шаары

№12 мектеп-гимназия, №69 комплекстик-гимназия, №54 орто мектеп, №18 орто мектеп, №59 орто мектеп, №72 мектеп-гимназия, №16 орто мектеп.

Чүй облусу

Новопавловка орто мектеби, Ат-Башы орто мектеби, Орок орто мектеби, Новопавловкадагы Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп, Төмөнкү Ала-Арча мектеби, Кашка-Суу айылындагы Актанов атындагы мектеп, Новопокровка айылындагы №2 Баранов атындагы мектеп.

Ош шаары

№7 Нариман мектеп-гимназиясы.

Эске салсак, президент коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө буйрукка 2018-жылдын 16-майында кол койгон, ошол эле жылдын июнунда Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0