БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Былтыр кинорежиссёр Болот Шамшиевдин унаасын уурдады деп шектелип, тергөө абагына киргизилген 25 жаштагы Юрий Ликов өз үйүндө каза болду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.
Жергиликтүү ЖМКлар Ликовду №1 СИЗОдо жатып, оорудан көз жумду деген маалымат тараткан. Мындан улам Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул кабарды төгүндөдү.
"Шектүү ушул жылдын 2-майында ден соолугуна байланыштуу №1 СИЗОдон №47 абакка которулган. Ал жактагы дарыгерлер текшерүүдөн өткөргөндөн кийин Улуттук кардиология институтуна жөнөтүшкөн. Ошондон бери конвойдун кайтаруусунда дарыланып жаткан. Бирок 2-июль күнү Бишкектин Свердлов райондук соту аны үй камагына чыгарган. Ооруканадан ары үйүнө кетип, ошол жактан каза болуптур", — деди Сабатарова.
Бирок милиция машина уурдоого үч адам катышкан деген маалымат тараткан эле. Кийинчерээк үч достун эркиндикте жүргөнү, 32 жаштагы Э.Т. Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунда адам өлүмүнө шектелип кармалганы маалымдалган.