Режиссер Болот Шамшиевдин унаасын уурдап кетип, өрттөп жиберишкен

© Sputnik / Табылды КадырбековРежиссер, народный артист СССР и Кыргызстана Болот Шамшиев
Режиссер, народный артист СССР и Кыргызстана Болот Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттөнгөн унаа 10-ноябрь күнү Чүй облусунун Милянфан айылынан табылган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкекте СССРдин Эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин Mercedes-Benz унаасын уурдап кетишти. Бул тууралуу Бишкек милициясынан кабарлашты.

Уурулук фактысын Свердлов РИИБи каттоого алып, унааны 10-ноябрь күнү Чүй облусунун Милянфан айылынан табышкан.

"Автонун дөңгөлөк, магнитофон сыяктуу баалуу бөлүктөрүн чечип алып, калганын өрттөп салышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Факты боюнча милиция иликтөө иштерин жүргүзүп, кылмышкерлерди издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0