ОШ, 7-июл. – Sputnik. Чоң-Алай районунда жергиликтүү жашоочулар алтын өндүрүүчү "Кайди ТИК" компаниясынын ишмердүүлүгүнө нааразычылык билдирип, Ош-Чоң-Алай жолун жапкан. Бул маалыматты облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев айтты.

Анын билдиргенине таянсак, окуя кечээ саат 11:30 чамасында болгон.
Маалыматка ылайык, буга чейин жергиликтүү жашоочулар аталган компаниянын жетекчилигинен канал куруп берүүнү талап кылган. Мунун себеби калк "үч айылдын эли ичкен сууну компания уулуу заттар менен булгап жатат, андыктан ар кандай илдеттерге чалдыгуу кооптуулугу бар" дешкен. Алтын өндүрүүчү компания жетекчилиги жашоочуларга канал салууну убада кылып, 2019-жылдын 5-июлунда канал курулуп бүтүп, пайдаланууга берилген.
"Бирок жашоочулар каналдын астын бетондоп берүүнү талап кылып, жолду жапкан. Милиция кызматкерлери жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринен соң жол кайрадан саат 12:00дө ачылды. Компания жетекчилиги каналдын астын бетондоп берүүгө убада кылды. Мындан сырткары, компания сууну жеткирүү үчүн лоток орнотууну да ойлонуп жатат", - деди Аширбаев.
Ал кошумчалагандай, нааразычылык акциясында эч кандай мыйзам бузуу катталган эмес.