Жарыштын видеосу YouTube-каналына жарыяланган.
Велосипедчендер 3400 метрлик бийиктиктен 25 чакырым жолду басып түшүшмөк. Кадрдан көрүнүп тургандай, катышуучулардын бири трассанын кууш жеринен жыгылып кеткен. Артынан келе жаткандар бири-бирине урунуп, кулашкан. Жарыш башталып-башталбай жатып спортчулардын көбү аягына чыкпай калган.
Иш-чаранын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, эч ким олуттуу жаракат алган эмес.
RT маалымдагандай, аталган жарыш жыл сайын өткөрүлүп келет. Спортчулар карга, тоо-ташка карабай жарышат. Мында уюштуруучулар жарыштын багытын өзгөртүп турууга аракет кылышат. Быйылкысында Килиан Брон аттуу спортчу жеңүүчү аталды.