Жалал-Абаддын мэри мончодо бирөөнү сабады деп милицияга арыз түштү

© Фото / пресс-служба горкенеша Жалал-АбадаЖалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев. Архив
Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрдин колунан таяк жеди делген жарандын апасы баласынын мурду сынганын билдирди. Мэр өзү муну төгүнгө чыгарууда, ал эми милиция маалымат берүүдөн тайсалдап жатат.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кечээ, 3-июлда, Sputnik Кыргызстан агентттигине Жалал-Абад шаарынын мэри Муртаалы Тагаев өзүнө таандык мончодо бир жигитти сабап салды деген маалымат түштү. Дароо эле мунун чын-төгүнүн билүүгө аракет жасадык.

Аталган жагдай боюнча тараптардын айткан сөздөрү бири-бирине дал келбей жана облустук милициянын маалымат катчысынын бир сөзү экинчисине коошпой жаткандыктан окуяны хронология түрүндө берүүнү туура көрдүк.

3-июль, саат 19.11

Жалал-Абад облустук милициянын маалымат кызматынын жетекчиси Нурдин Жээнтаевдин алгачкы берген маалыматына ылайык, бул факты кечээ, 3-июлда, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ээнбаштык катары катталган.

"Сыдык Мавлян уулу ооруканага келип, аны таанышы Мураталы Тагаев уруп койгонун айтып, дарыгерлерге кайрылган. Ал ооруканада көп жатпай кайра эле чыгып кеткен. Бул боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иш ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ал окуя мончодо болгонун айткан", — деп билдирди Жээнтаев.

3-июль, саат 19.16

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте ЦУМдун жанынан чет элдикти сабаган киши кармалды
Жалал-Абад шаарынын мэринин аты да Мураталы Тагаев. Ал аталган окуяга такыр тиешеси жоктугун билдирип, Сыдык Мавлян уулун да тааныбай турганын айтып жатат.

"Менин туугандарыма таандык мончого келген балдар өз ара жаңжалдашкан. Фамилиям Тагаев болгондуктан мончону мага байланыштырып жатышат окшойт. Мен ал жерде такыр болгон эмесмин. Ал такталбаган маалымат. Окуя түнкү 1.30дар чамасында болгон деп жатат, мен ал убакта жумуштан келип үйүмдө уктап жаткам. Менин үстүмдөн арыз жазганын уккан жокмун. Бүгүн кечке жумушта болдум, органдан эч ким келген жок", — деди мэр.

3-июль, саат 19:27

Таяк жеди делген Сыдык Мавлян уулунун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми апасы Уркуя Эркинбаева баласынын мурду сынганын билдирди.

"Балам менен мен да сүйлөшө элекмин. Телефонун албай жатат. Ал мурду сынып ооруканага жаткан, бирок кайра чыгып кетиптир. Жаңжал мэр Мураталы Тагаевге таандык "Тагай бий" деген мончодо 3-июлга караган түнү болгонун билдим", — деди жабырлануучунун апасы.

3-июль, саат 21.02

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы арыз чын эле калаа мэри Мураталы Тагаевдин үстүнөн түшкөнүн тактоо үчүн кайра чалганда, Жээнтаев башкача маалымат берди.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ташиев, Назаралиев менен мушташып. Туйгунаалы Абдраимов тууралуу 8 факты
"Арыз бүгүн эртең менен түштү. Жабырлануучу ооруканага барган, дарыгер "бизге бирөө таяк жеп келди" деп милицияга билдирип жатат. Ыкчам-тергөө тобу ал жакка барып, жабырлануучунун арызын алган. Топтолгон материалдарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, териштирүү иштери башталды. Ал арызга Мураталы эмес, таанышы Мурат Тагаев уруп койгон деп жазган. Чындыгында мэрби же башкабы, бул суроого жакынкы күндөрү жооп беребиз", — деди маалымат катчы.

4-июль, саат 11.53

Таң калычтуусу, кечинде эле арыз түштү деп жаткан маалымат катчы эртең менен айткан сөзүнөн танып, милицияга эч ким арыз жазбаганын айтып чыкты.

"Бала арыз жаза элек. Ал ооруканага барып көрүнүп кетип калган. Дарыгердин көрсөтмөсү менен гана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Мен кайра териштирсем, арыз жазылбаптыр. Эгер анын арызы болсо, мага көрсөтүңүзчү?" — деп Жээнтаев кайра бизге суроо салды.

4-июль, саат 12.58

Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сабалып, кулагы укпай калган Акыл. Ата-энеси шектүү жазаланбай жатканына нааразы
Андан кийин кабарчы Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Эрнист Молдокеев менен сүйлөшкөндө, ал маалымат катчынын туура эмес сүйлөгөнүн ачыкка чыгарды. Ал чынында эле шаардын мэри Мураталы Тагаевдин үстүнөн арыз түшкөнүн тастыктап берди.

"Ооба, бизге арыз катталган. Азыр такталып жатат, ал жерде башкача да... Жабырлануучу мэрди айтып жатат, бирок кийин "ачуу менен жазганмын, ал жерде окуя башкача болду" деп айтууда. Тергөө амалдары калыс жүрөт, кандай болсо ошондой баа берет да", — деди Молдокеев.

4-июль, саат 17.56

Кийинчерээк Санирабия Кубанычбековна аттуу Facebook тармагынын колдонуучусу Сыдык Мавлян уулу жазган арыздын сүрөтүн жарыялады.
Арызда Мавлян уулу Мураталы Тагаев менен сөз талашып урушуп кеткенин, ал жабырлануучуну оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, мурунга чаап, дагы бир нече жолу урганын жазган.

4-июль, саат 19.53

Арыздын сүрөтү жарыялангандан кийин кабарчы облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаевден эмнеге "арыз жазылган жок" деп айтканын сурады.

"Мен сизге Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган маалыматты бергем. Ал убакта арыз түшкөнүн билген эмесмин. Ошон үчүн арыз жазган эмес деп айткам. Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча жабырлануучу кайра тосмо арыз жазды", — деп жооп берди маалымат катчы.

Деген менен жарыяланган сүрөттө арыз 3-июлда саат 2.51де жазылганы көрүнүп турат.

Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаарынын мэри болуп 2018-жылдын 11-июнунда шайланган. Ага чейин шаардык кеңештин төрагасы болуп иштеп турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0