00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:46
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Утро хорошего дня
"Сдай кровь – спаси жизнь" - почему благотворительность важна для каждого из нас?
06:03
41 мин
Күн башат
Борбор Азия университеттеринин ректорлорунун форуму Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында өтүүдө
07:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Подростковые проблемы через призму искусства - как говорить о сложном?
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Калк жашоосун чагылдырган салттуу музыка – Эл ичинен талант издеген сынак
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Женщины в бизнесе Кыргызстана: равные права или двойные барьеры?
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкекте тургундарды жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?
13:04
25 мин
Күн башат
Кызыл-Омполду, Кумтөрдү жана башка кендерди иштетүүдө Кыргызстан эмнеге көңүл бурушу керек?
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
с Кубатом Рахимовым
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук экипировкаларды тандоодо эмнеге көңүл буруу кажет?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
0 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Екатеринбургда атылган Каримов. ЖМК 19 млн. рублдин чоо-жайы тууралуу

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПоказательные выступления. Архивное фото
Показательные выступления. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уралдын жалпыга маалымдоо каражаттары Свердлов облусундагы кыргыз ишкеринин өлүмүнүн чоо-жайын иликтеп, кол салууга негизги себеп болчу версияны жарыялашты.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кылмышкерлердин колунан ок жеп каза болгон "Кыргызстан-Урал" коомдук уюмунун мурдагы жетекчиси Камчыбек Каримовдун жанында 19 миллион рубль болгон. Бул туурасында диаспорага шилтеме кылуу менен Е1.ru. порталы жазды.

Тергөө комитетинин алдын ала маалыматы боюнча, Каримовду 2-июлда Москва убактысы менен саат 13.00дө Екатеринбург шаарындагы Калинин көчөсүндө жайгашкан №22 үйдүн жанынан белгисиз адамдар атып кетишкен.

Порталдын билдиришинче, ал текстилдик продукцияларды дүңүнөн алып иштеген ири ишкер болгон. "Таганский ряд" базарында 12 соода күркөсү болгону айтылат. Ар шейшемби сайын товарларды дүңүнөн сатуу жүрөт, Каримов дал ушул күнү киши колдуу болгон.

Ишкердин тааныштарынын айтымында, маркумга 19 миллион рублге чукул акча салынган сумкасын көтөрүп үйүнө бара жатканда кол салышкан. Адатта ал автоунаасын үйдүн алдындагы унаа токтотуучу жайга токтотуп, анан тегерек чети курчалган аймак менен батирине кирчү. Бирок мында эмнегедир машинасын сыртка токтоткон экен.

"Ал курчалган аймактын дарбазасына чейин 100 метрдей басышы керек болгон. Ошол жерде ага экөө кол салган. Каримов алар менен үч мүнөткө жакын кармашып турган. Андан соң кылмышкерлер эки ирет ок чыгарган", — деп айткан E1.RU порталына диаспорагы маектеши.

Маркумдун тааныштары белгисиз адамдар Каримовду карактоого аракет кылган, бирок ал каршылык көрсөтүп сумкасын бербей койгон дешүүдө. Күнүмдүк мамиледеги пикир келишпестиктен улам атып кетиши ыктымалдыгы азыраак экенин белгилешет.

"Балким каракчылар жабырлануучунун өлүмүнөн кийин өзүн жоготуп койгондур. Сумканын ичинен эки миллионго чукул акчаны алып, унаасын да калтырып кеткен", — деп айткан диаспорадагы булак.

Ошол эле учурда ишкердин өлүмүнө базардагы талаш себеп болушу мүмкүн дегендер да бар. Анткени буга чейин да кыргызстандык соодагерлерге кол салуу болгон.

"Соодагерлер таасирдүү адамдарды өлтүрүү жана карактоолор улам-улам болорун айтып келишет. Кыргыз ишкерлери Уралдын базарында иштөө өтө кооптуу экен деп текстиль товарларын биздин регионго ташууну азайтышы мүмкүн. Анда алардын ордун кайра кытай товарлары ээлеп калат", — деп айткан "Таганский ряд" базарындагы кырдаал менен жакындан тааныш болгон өздүк булак.

Бул боюнча укук коргоо органдары да үн катты.

"Негизи банк аркылуу жиберилген акчанын кайсы бир бөлүгү комиссияга кармалып калат. Мындан улам соодагерлер каражатын ушул түндө учууга белсенип турган Каримовго беришкен. Азыркы көйгөй олуттуу, анткени каражаттын кайсы бир бөлүгү уурдалып кетти. Эми диаспора акчасын Кыргызстанда зарыгып күтүп отургандардын маселесин чечиши керек", — деп айткан укук коргоо органынын өкүлү.

Бул чуулгандуу кылмышты Россия ИИМинин Свердлов облустук башкармалыгынын жетекчиси өз көзөмөлүнө алган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгү ("Бир нече адамдын ур-токмок менен коштолгон адам өлтүрүүсү") жана 162-берене (Карактоо) боюнча иш козголду. Учурда укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын иликтеп жатат, кылмышкерлерди тез арада табуу үчүн аракеттер көрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0