Екатеринбургда кыргыз диаспорасынын экс-жетекчиси атылды. Каргашанын чоо-жайы

© AFP / DANIEL RAMALHOТапанча кармап турган адам. Архив
Тапанча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каримов "Таганский ряд" базарында соода кылчу.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Екатеринбург шаарында кыргыз диаспорасынын мурунку жетекчиси Камчыбек Каримовдун атылышы боюнча Свердлов облусунун тергөө комитети кылмыш ишин козгогонун РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, буга чейин улуттук-маданий уюмдардын "Дом народов Урала" деп аталган ассоциациясы Уралмаш кичирайонунда "Кыргызстан — Уран" коомдук уюмунун экс-башчысы ок жеп каза тапканын кабарлаган.

Алдын ала маалыматка ылайык, Каримовду 2-июлда Москва убактысы менен саат 13.00дө Екатеринбург шаарындагы Калинин көчөсүндө жайгашкан №22 үйдүн жанынан белгисиз адамдар атып кетишкен.

"Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгү ("Бир нече адамдын ур-токмок менен коштолгон адам өлтүрүүсү") боюнча иш козголду. Учурда укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын иликтеп жатат, кылмышкерлерди тез арада табуу үчүн аракеттер көрүлүүдө. Эң негизги версия катары акча алуу максатында кол салуу жана өлтүрүү каралып жатат", — деп айтылат тергөө комитетинин маалыматында.

Каримов "Таганский ряд" базарында соода кылчу.

Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар суралып, видеокамералардагы жазуулар каралып жатканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0