Жаан жаап, күн күркүрөйт. Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узакка созулган ысыктан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. 3-июлда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, Чүй жана Талас облусунда +21…+26 градус жылуу болот. Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +22…+27 градуска жетери болжолдонду. Ысык-Көл жана Нарын облусунда +26…+31 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы Ошто +25…+27, Бишкекте +24…+26 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0