БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өкмөт 2019-2020-окуу жылына карата жогорку окуу жайларында мамлекеттик билим берүү грантынын негизинде окутулчу адистиктердин тизмесин бекитти. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
"2019-2020-окуу жылына 5705 мамлекеттик грант берилип, анын 4903ү Билим берүү жана илим министрлигине караган жогорку окуу жайларына бөлүндү. Калган гранттык орундар мамлекеттик органдардын ведомстволук окуу жайларына берилди", — деп айтылат маалыматта.
Гранттык орундарды бөлүштүрүүдө кадрларга болгон муктаждык, ЖОЖдор менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимдердин саны, ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин анализи эске алынган.
Ошондой эле жалпы гранттык орундардын 316сын магистрдик тармакка бөлүү сунушталды. Дагы 405 гранттык орун чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарга, I жана II топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жетим балдарга жана иштеп жаткан өкмөттөр аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга каралган.