БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. АКШда өткөн эл аралык Genius олимпиадасында Кыргызстандан барган окуучулар 12 медаль утуп, 13 кызыктыруучу сыйлыкка татыды. Бул тууралуу "Сапат" билим берүү мекемесинин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба МОУ "Сапат"АКШда өткөн эл аралык Genius олимпиадасында Кыргызстандан барган окуучулар 12 медаль утуп, 13 кызыктыруучу сыйлыкка татыды
АКШда өткөн эл аралык Genius олимпиадасында Кыргызстандан барган окуучулар 12 медаль утуп, 13 кызыктыруучу сыйлыкка татыды
© Фото / пресс-служба МОУ "Сапат"
Ага ылайык, олимпиадага 78 өлкөдөн 1400 окуучу келип, беш категория боюнча күч сынашкан. Кыргызстандык окуучулар жалпысынан эки алтын, беш күмүш, беш коло байгеге ээ болушту.
© Фото / пресс-служба МОУ "Сапат"Олимпиадага 78 өлкөдөн 1400 окуучу келип, беш категория боюнча күч сынашкан. Кыргызстандык окуучулар жалпысынан эки алтын, беш күмүш, беш коло байгеге ээ болушту.
Олимпиадага 78 өлкөдөн 1400 окуучу келип, беш категория боюнча күч сынашкан. Кыргызстандык окуучулар жалпысынан эки алтын, беш күмүш, беш коло байгеге ээ болушту.
© Фото / пресс-служба МОУ "Сапат"
Genius олимпиадасы дүйнөдөгү 12ден 18 жашка чейинки окуучулар арасында өтөт. Анын катышуучулары учурдун глобалдуу көйгөйлөрүн чечүү жолдорун көрсөткөн долбоорлорду сунушташат.