БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы айыл өкмөттөр арасында сынак өтүп жатканын өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Таймашка көз салып, мыктыларын тандап алуу үчүн түзүлгөн комиссиянын мүчөсү Айбек Майрыков иш-чара көлдүн экологиялык тазалыгы, инфраструктуралык жана санитардык шартын жакшыртууну максат кыларын айтып берди.
"Туристтик мезгилге даярданып, "Таза жашоо-2019" акциясы уюштурулду. Анын алкагында аймактагы беш райондун айыл өкмөттөрү арасында сынак жарыяланып, биринчи туру жыйынтыкталды. Натыйжада ар бир райондон беш айыл өкмөт алдыга озуп чыкты. Эми дагы эки этап бар", — деди ал.
![Ысык-Көл облусундагы айыл өкмөттөр арасында сынак өтүп жатканын өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Ысык-Көл облусундагы айыл өкмөттөр арасында сынак өтүп жатканын өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104473/70/1044737095_0:98:1032:746_600x0_80_0_0_e6a0e6bbb46dadc60e7b58b2faafe87d.jpg)
![Туристтик мезгилге даярданып, Таза жашоо-2019 акциясы уюштурулду Туристтик мезгилге даярданып, Таза жашоо-2019 акциясы уюштурулду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104473/71/1044737100_0:0:1032:648_600x0_80_0_0_c4957e5b996df2d7fd4b3ef7899c5115.jpg)
Майрыковдун айтымында, биринчи турдун жыйынтыгы менен Ак-Суудан Кара-Жал айыл өкмөтү, Жети-Ѳгүздөн Тамга, Тоӊ районунан Тоӊ айыл аймагы, Ысык-Көлдөн Тамчы жана Түптөн Ысык-Көл айылы тандалып алынды.
"Мыкты деп табылган айыл өкмөтүнө автоунаа белекке берилет", — деди комиссия мүчөсү.
Иш-чараны кийинки жылы да уюштуруу пландаштырылууда.