Бишкекте 21 жаштагы жигитти унаа сүзүп кетти

Жазылуу
Жабыркаган жигит ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Борбор калаада жолдон өтүп бараткан 21 жаштагы жигитти Toyota Harrier үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык 15-июнь күнү болжол менен эртең мененки саат 7:30да болгон. Анда 24 жаштагы айдоочу Чүй проспектиси менен келе жатып 7-апрель көчөсүнө жетпей жолдон өтүп бараткан адамды сүзүп алган. Жабыркаган жигит ооруканага жаткырылды.

Автоунаа атайын жайга токтотулуп, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0