Алабарман, ачуулуу, жамандыгы жок. Акбалтанын Чубагы жөнүндө 11 факты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВизит президента Сооронбая Жээнбекова в Таласскую область
Визит президента Сооронбая Жээнбекова в Таласскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чубак — "Манас" эпосундагы кырк чоронун бири, жоого каршы тартынбай барган, Манас баатырга эчен жолу намыс алып берген каарман. Анын бүтүндөй жашоосу, эрдиги Манас үчүн, кыргыздардын эркиндиги үчүн арналган. Азыркы күнгө чейин эл арасында "Манастан Чубак кем бекен", "Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска" деген ылакап сөздөр айтылып келет.

Биз бүгүн ошол каарман тууралуу 11 фактыны сунуш кылабыз.

Чубактын тек жайы. Чубак нойгут уруусунан чыккан. Айрым варианттарда өз аты Болот. Атасы Акбалта — нойгуттардын каны болуу менен Манастын атасы Жакып менен да алака түзүп, достук, теңтуштук мамиледе жүргөн акылман карыя.

Кайыптан төрөлгөн. "Манас" эпосунун Саякбай Каралаев айткан вариантында Чубакка өтө көп орун берилген. Жакып сыяктуу эле анын атасы Акбалта да көпкө чейин балалуу боло албай зарлап жүрөт. Ал кайыптан бүтүп, талаадан табылып, Акбалтанын баласы болуп калат.

Конноспортивные игры в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Манаска "доолуу күндө көмөк, жоолуу күндө жөлөк" болгон Алмамбет тууралуу 14 факты
Атын бир белгисиз думана коёт. Манаска, Алмамбетке ысым табуу оор болгондой эле кайыптан жаралган бул балага да ат коюу кыйын болот. Акбалта балага ээ болуп турганда элге чоң той берет, ат коюуга келгенде ага ылайык ысымды эч ким ыроолой албайт. Ошондо ак селдечен бир думана пайда болуп, "Чубак" деп ат коёт. Ал думана Кызыр экен. Ат коюп бүтүп он экиге чыкканда "Көчүп барсын Таласка, чоро болсун Манаска" деген осуятын айтат.

Өзү мингенге ылайык ат издеши. Баатырдык эпостордо баатыр каармандын өзүнө ылайык мине турган ат издеши атайын эпизоддордо кеңири сүрөттөлөт, анткени баатыр менен анын аты тагдырлаш болот. Чубак балтыр билек, жоо жүрөк болгон кезде Манастын даңазасын угуп, ага кошулуу үчүн жолго чыгат. Бир күнү эс алганы булактагы мазарда уктап калат. Ошол түнү аны бир олуя абышка ойготот да ат тартуу кылат. Бул ага атайы арналган Көгала тулпар эле. Мына ошол Көгала (Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көктеке) атын минип, Жойкума деген кылычын колго алып, далай-далай эрдиктерди көрсөтөт.

Манас менен Чубактын кездешүүсү. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Манас менен нойгуттун каны Карачанын кызы Сайкал жекеме-жекеде сайышып жатканда, кыз жигитти сайып таштамак болгондо, ушул Чубак ажыратып калат да Манас менен таанышат. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Чубак Кашкарын да, Коконун да каратып, Каныкейдин атасы Каракандын хандыгы — Букарга жеке өзү кол салып, бирок Каныкей менен жекеме-жекеде жеңилип баратып, качып жөнөйт. Аны Каныкейден Бакай ажыратып калат. Мына ошондо ууда жүргөн Манаска кездешип, ага өзүнүн жана Каныкейдин жөнүн айтат, ага чоролукка өтөт. Манас менен Чубак жолуккан кезде ал он эки жашта болгон.

Көчмөндөр оюндарынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Батасын алган аялдар төрөгөн. "Манас" эпосундагы Кошой тууралуу 12 факты
Манасчылар Чубакты өзгөчө эргүү менен сүрөттөйт. Бирөөндө: "Туурасы жоон, бою пас, тулку бою кара таш, билеги жоон, таш жүрөк, пил мүчөлүү бадирек, алышса адамдын алы жетпеген, арстандын тиши өтпөгөн, Акбалтанын Чубагы ай-ааламды буй кылган, арстандын бири бу дагы". Дагы башка сүрөттөөдө: "Көк ырапыс тон кийген, Көгаладай ат минген, узун бойлуу, кең далы, зорлугу тоонун теңиндей, Акбалтанын Чубагы... ". Башка учурда: "Жекелеп белин курчанган, жети санча кол келсе, желбегей кирип кол салган... ", "Кан Балтанын Чубагы — арстандын бири бу дагы", "Ок жетпестен ат минген, ок өтпөстөн тон кийген, асаба колдо калкылдап, кан иччү кара таш кесер, колунда турат жаркылдап, кирип келген душманга күркүрөп жеке кол салган Акбалтанын Чубагы", "Ач айкырык, куу сүрөө, алабайрак жез найза, сунгандан найза тартпаган, сумсайганын жазбаган", "Көркөмү бөлөк, көзү тик, найзакердин ыктуусу, алышка балбан мыктуусу", "Арыстан Манас жөөкөрү, акыл бирге тилдеши, түптүү мазар чынары, түгөнүшкөн жоо келсе, туу түбүнө турары, күлкүсү кумар жазары, эр Манастын азары, иш колунан келчүсү, акыл таап берчүсү" ж.б.

Эрдиктери сан жеткис. Бир катар эпизоддордо Чубак Манастан да, Алмамбеттен да ашып түшкөн эр жүрөк катары көрүнөт. Ал жоодон сүрдөбөйт да, кайра тартпайт да. Ар дайым алдыда жүрүп, душманга биринчи кол салат. Жалгыз көздүү Макел дөөнү көргөндө анын сүрүнөн коркуп, бул тоо менен Манас өзү беттешсин деп Алмамбет тайсалдап турганда Чубак "Качпай өлгөн эрлер деп, жакшы аттысы саа болсун, жолдошу Чубак экен деп, сооп чети маа болсун" деп Алмамбеттин алдын тороп, Макел дөө менен беттешүүгө көндүрөт. Ошол эле теңдешсиз согушта Нескара дөөсү баш болгон алтымыш дөөсүн бир өзү колго түшүрүп, байлап келет. Атынан ажыраган кезде да жоого багынбай, тогуз күнү тыным албай алар менен жөө-жалаңдап согушат.

Алабармандыгы, ишенчээктиги бар, же "Чубактын чатагы". Анын мүнөзү алабарман, ишенчээк, тез, ыкчам, чапчаң. Ушул сапаттары Чубакты индивидуалдуу каарман катары мүнөздөйт жана эпостун психологиялуулугун тереңдетет. Кыргыл чалдын көкүткөн сөзүнө ишенип Алмамбет менен чалгындан жол талашкандыгы анын алабармандыгын, ишенчээктигин, шашмасын көрсөтөт. Мына ошол мүнөзү менен ал эпостогу айтылуу "Чубактын чатагы" эпизодун жаратат.

Скульптурный комплекс Манас в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер, баатыр, саякатчы. "Манастагы" кан Бакай тууралуу 15 факты
Чубактын өлүмү. Эпостун "Чоң казат" бөлүмүндө далай эрдиктерди көрсөтүп жаткан Чубакка душмандын көзгө атар мергени Шыпшайдардын огу тийип каза болот. Саякбай Каралаевдин вариантында оор жараат алып, "Ит-Өлбөстүн жалгыз жол сала качып кутулду, аркалуу күлүк Көгала, Акбалтанын жалгызын – баатырды ала качып кутулду" деп аман калганы айтылат.

Жубайы жана перзенти. Зайыбы Айжаңжуң кызы Бирмыскал. Манас Эсенканды жеңип алганда тартууга келген кыз. Ага "Суктанбай адам калбаган", "Таң сүргөндөй жарык өң, ар бир түрлүү бой мончок, бүткөн бойго тагылуу, кындырдай бели буулуп, абай менен жабылуу, Айжаңжуңдун эрке кызы, Чубакка нике кыйдырган". Булардан Канчоро төрөлүп, ал Манас баатырдын жакындарынын баарына душман болуп чыгат.

Чубакка арналган комуз күүсү. Кыргыз элинде Чубактын Алмамбет менен чыры тууралуу көп айтылып келет. Атактуу комузчу Ыбрай Туманов "Жол талаш" деген күү чыгарган, ал эл арасында чертилип жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0