БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргыз Республикасына 200 миллион доллар насыя берилет. Бул тууралуу Индиянын премьер-министри Нарендра Моди расмий сапарынын алкагында билдирди.
"Кыргызстандагы бизнести өнүктүрүүгө жана индиялык компанияларды кыргыз экономикасына тартуу үчүн 200 миллион долларлык насыя берүүгө макулбуз", — деди Моди.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында кичи бизнести колдоо максатында кыргыз-индус фондун түзүү маселеси дагы көтөрүлдү.
Моди ошондой эле аскерий-техникалык жаатта дагы кызматташууну бекемдей турганын кошумчалады.