Абитуриент 2019: ЖРТнын талондору качан ташталат. Министрликтин так жообу

Жазылуу
Талондорду таштоо июль айында башталат.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга кабыл алуу үч этап менен жүрөт. Алар качан баштала турганын Билим берүү жана илим министрлиги тактады.

Ага ылайык, I тур 8-июлдан 13-июлга чейин болот.

8-10-июль – талондорду таштоо;

10-июлда саат 14.00дө талондорду таштоо аяктайт;

11-июлда саат 10.00дө абитуриенттердин тизмеси илинет;

11-13-июль жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн документтер кабыл алынат.

II тур

15-17-июль — талондорду таштоо;

17-июлда саат 14.00дө талондорду таштоо аяктайт;

18-июлда саат 10.00дө абитуриенттердин тизмеси илинет;

18-20-июлда жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн документтер кабыл алынат.

III тур (Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өтөт)

22-24-июль — талондорду таштоо;

24-июлда саат 14.00дө талондорду таштоо аяктайт;

25-июлда саат 10.00гө чейин абитуриенттердин тизмеси илинет;

25-27-июлда жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн документтер кабыл алынат.

Билим берүү жана илим министрлиги университеттерге өтүү үчүн босого баллды аныктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0