БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Россиялык супермодель Ирина Шейк менен Голливуд актеру жана режиссер Брэдли Купер ажырашты. Бул тууралуу People басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, учурда түгөйлөр алардын эки жаштагы кызы Лея кимдин колунда болот деген маселени чечип жатышат.
Шейк менен Купер 2015-жылдан тарта бирге жашай баштаган. Бул эки атактуу өздөрүнүн мамилесин жашырбаганы менен ачык да айта берүүнү жактырчу эмес. 2016-жылы экөө баш кошкону жаткандыгы жөнүндө айтылган. Бирок түгөйлөр ушул күнгө чейин расмий түрдө никеге тура элек болчу.
Былтыр Купер ырчы Леди Гага менен биргеликте "Жылдыз жаралды" деп аталган тасмага тартылгандан кийин экөөнүн ортосунда сүйүү мамилелери пайда болгонун ЖМКлар жазып келишкен. Бул ажырашууга дагы ушул нерсе себеп болгону айтылууда.