Психологдордун пикиринде, төрөттөн соң аял 10 күнгө созулган адаптациядан өтөт. Айрыкча жаш энелердин жаңы макамга көнүшү өтө татаал жүрөт. Бир күндө көз жарат, ал эми бала багуу — ар күнкү жоопкерчилик. Апкаарып калбаш үчүн бала төрөлгөндөн кийин эмне кылуу керектигин алдын ала билип алган оң. Ушул туурасында Айгүл Тасымбекова менен баарлаштык.
— Бала жарыкка келген күнү кандай медициналык процедуралардан өтүшү шарт?
— Ымыркай аман-эсен төрөлөрү менен анын денеси жылуу жалаяктар менен сүртүлүп, кургатылып, эненин көкүрөгүнө жаткырылат. "Теринин териге алгачкы тийишинен" бала коопсуз экенин туят. Ымыркайдын башына сөзсүз топу кийгизүү зарыл, анткени баштын терисинде тамырлар көп жайгашкандыктан, башына суук тийгизбеш керек.
Бала эненин көкүрөгүнө берилгенде ал коркпой, денесин бош коюп жатышы керек, андан соң бир жарым саат аралыгында баланы эмизүүгө аракет кылсын. Эненин ууз сүтү сиңимдүү, пайдалуу заттарга жана микроэлементтерге абдан бай. Ымыркай үчүн ал биринчи эмдөө, ууз сүт аркылуу баланы ар кыл, анын ичинде вирустук оорулардан коргоп калчу антитело, иммуноглобулиндер көп. Эне баланы эмизип жатканда жатынды жыйрылтуучу окситоцин бөлүнүп чыгат. Бул аялдын саламаттыгы үчүн абдан маанилүү баскыч. Жатын жыйрылган маалда калдыктар, уюган кан, кээде түйүлдүк челинин бөлүктөрү да бөлүнүп чыгат. Дегеле, бала эмизүү аялдын ден соолугу үчүн өтө пайдалуу, көкүрөк бездеринин, энелик бездеринин рагынын өрчүшүнүн алдын алат.
— Төрөт үйүнөн чыкканча ымыркай кандай эмдөөлөрдү алышы зарыл?
— Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер боюнча кеп салсаңыз.
— Менимче, мунун баары сабатсыздыктын айынан келип чыккан нерсе. Ата-энелер балдардын кызыкчылыгын коргогон соң алар сабаттуу, көп нерседен кабардар болууга тийиш. Айрымдар эмдөө аллергия жаратат, терс таасир тийгизип, ооруга алып келет деп чочулашат. Бирок бул баланын өз абалы жана саламаттыгына жараша, мисалы, анын тукум кууган аллергиясы болушу мүмкүн. Статистика боюнча терс таасир тийгизген учур 100 миң баланын биринде байкалат.
Кээде биз ата-энелердин болбогон жүйөлөрүн угабыз. Бир баланын атасы эмдөө аркылуу америкалыктар кыргыздарга зыян келтирүүгө аракет кылганын, дагы башкасы молдо балдарды эмдетүүгө тыюу салганын айтат. Мындайды укканда үрөйүм учат. Ымыркай эмделгенде анын организминде гепатит менен кургак учукка каршы коргоочу антителолор жаралат, бала ооруп калган күндө да дартты жеңил көтөрө алгыдай иммунитет түптөлөт.
— Эмдөөдөн мурун бала кандай текшерүүлөрдөн өтөт?
— Баланын жалпы абалы текшерилет, эти ысыган жокпу, салмагы өз айына жарашабы, эң башкысы, аллергиясынын бар-жогу ата-энесинен такталат. Эмдөө жасалбай турган учурлар да болот, мисалы, баланын салмагы 1500 граммдан аз, эти ысып турса, энеси ВИЧ-жуктуруп алган болсо же баланын тукум кууган бир дарты болсо, эмдөө жасалбайт.
— Жаш энелерди беймазага салган убак — ымыркайлардын ичине жел турушу. Андайда кантип баланын абалын жеңилдетүү керек?
— Ымыркайга эне сүтүнөн бөлөк эмне берүүгө болот, маселен, малдын сүтүн берген туурабы?
— Эненин сүтү аркылуу бала бардык зарыл микроэлементтерди жана пайдалуу заттарды алат, андыктан суу, шире жана чай берүүнүн кажети жок. Кээ бир аялдар өзүнүн сүтү баланы тойгузбай жаткандай көрүп, уй, эчки же жасалма сүт бере баштайт. Андай кылыштын кажети жок! Малдын сүтүндө казеин камтылат, аны организм начар сиңирип, аллергия кылат, жетиле элек бөйрөктөргө күч келтирет.
— Эмчек сүтүнө тойбой жаткандай сезилгенде эне эмне кылууга тийиш?
Кандай гана болбосун, алтургай, эне сасык тумоого же башка ооруга кабылса да, баланы эмчектен чыгарбоо керек. Андай күндөрү да эмизүү зарыл, анткени аялдын организминде баланы коргой турган антителолор иштелип чыгат.
— Маститтин алдын алуу үчүн эмне кылуу?
— Эң орундуу суроо, себеби дал ушул оору менен кайрылган аялдардын саны арбын. Кайдан угушканын билбейм, бирок айрым энелердин арасында улам эмизген сайын эмчектин үрпүн жууп туруу керек деген жаңылыш пикир бар. Андай кылбаңыздар! Эртең менен турганыңызда гана бир жолу жылуу суу менен сүртүп коюу эле жетиштүү. Үрптүн тегерегинде бактерициддик заттарды иштеп чыккан бездер бар, андыктан кайра-кайра жууштун кажети жок. Эмизип бүткөндөн кийин калган сүттү саап коюу зарыл. Эгер калып калса, ал катуулап, маститке алып келет. Сүттү кантип сааш керек? Адегенде укалап, андан кийин жылуу компресс коюп туруп сааңыз. Эгер аял колу менен саай албаса, дарыканада сүт саагычтардын түрү сатылат. Мастит — бул эмчек безинин сезгениши. Ал туура эмес эмизүүдөн, же эмчектин үрпү кесилген убакта жаралат. Кесиктер аркылуу инфекция кирип, ириң пайда болот. Мастит эненин этин ысытып, аябай оорутат. Ага да моюн бербей укалап, сүттү кандай болсо да чыгаруу керек.
Эч нерсе жардам бербесе, аялдын абалы начарлап кетсе, акыры ага антибиотик жазылып же операция жасалат.
— Ымыркайды качан күнгө алып чыгууга болот? Күн нурунун кандай пайдасы бар?
— Бала жаткан бөлмөнүн температурасы кандай болууга тийиш?
— Негизи жаңы төрөлгөн баланын дене табы чоңдордукуна караганда жогору — 36,5-37,5 градус. Ошондуктан бала уктаган бөлмөдө температура 25 градустун чегинде, бирок бала ара төрөлгөн болсо, анда 28 градуста кармаган дурус.
Дагы бир жолу кайталайын, баланын чың ден соолукта чоңоюшу үчүн өзүңүз эмизиңиз, бул ымыркайды коргоп, иммунитетин бекемдейт. Дал ушул жол аркылуу узак жылдарга бала менен тыгыз жана сезимтал байланыш түптөлөт. Сак-саламат, сулуу, акылдуу, өнөрлүү балдар — улут сапатынын көрсөткүчү. Ал эми эркектерден үй-бүлөсүн коргоону өтүнөр элем.
Маек "Биз — ата-энебиз" автордук программасынын алкагында алынды. Бул — ата-энелик милдет жана бала тарбиялоо тууралуу социалдык долбоор. Аталган долбоор үй-бүлөнү жоопкерчилик менен куруу, ошону менен бирге эле кош бойлуулукту, төрөттү пландоо, балдарды тарбиялоо боюнча аялдар менен эркектердин маалымдуулугун арттырууну көздөйт. Белгилүү кыргызстандыктардын ата-энелик милдетин кантип аткарары тууралуу, ошондой эле ушул багытта кеп-кеңеш, сунушун аябаган адистер (акушер-гинеколог, педиатр, диетолог жана психологдор) менен маек курабыз.