Кантта Тез жардам кызматынын унаасы толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.
Маалыматты ӨКМден тастыкташты.
Өрт 31-майда Сакебаев көчөсүндө чыккан. ӨКМден билдиришкендей, өрт саат 16:46да өчүрүлгөн.
Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.