00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ошто касапчылар иш таштап, эл эт таппай жалгыз комбинатта кезекте турат

© Фото / Зульфия ТургуноваЭт саткан соода түйүнү. Архив
Эт саткан соода түйүнү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Касапчылар буга чейин жабылган мал союучу жети жайдын ачылышын талап кылып жатышат.

ОШ, 29-май – Sputnik. Ош шаарынын аймагындагы соода түйүндөрүндө жайгашкан 300гө чукул эт сатуучу жай 28-май күнү жабылып, учурда иштебей турат. Бул тууралуу сатуучулар Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Сатуучу Илгиз Шамырзаевдин айтымында, касапчылар жергиликтүү бийликке нааразычылык күчөгөндүгүнөн улам ушундай кадамга барган.

Алар эгерде калаа бийлиги талаптарын аткарбаса, эт сатылбай турганын кошумчалашты.

Эске сала кетсек, буга чейин Ош мэриясы мал союучу жети жайды "талапка жооп бербейт" деген жүйө менен жапкан. Учурда Ош шаарында бир гана эт комбинаты иштеп жатат.

Жергиликтүү жашоочулар Ош калаасындагы соода түйүндөрүнөн эт таба албай убара тартып жатышкандыгын айтат.

Ишкер Данияр Баймурзаев учурда иштеп жаткан эт комбинатында кезек күткөндөрдүн саны көп экендигине токтолду.

"Калаадагы мал союучу жети жайды талапка жооп бербейт деп жергиликтүү бийлик жаап койду. Эми ал жайларды жапкандан кийин бийлик тарабынан ачылган эт комбинаты талапка жооп бериши керек да. Аталган комбинатка баруучу жол, биринчиден, чаң. Экинчиден, ал жерде мал сойдуруу үчүн кезек күтүп кечке убара болосуң. Жергиликтүү бийлик касапчыларга шартты түзүп туруп, анан мал союучу жайларды жабышы керек", — деди Баймурзаев.

Эт сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: Кыргызстан өзүн эт менен камсыздай албайт, бирок сыртка эт сатат
Касапчылардын айтымында, учурда Ош облусундагы райондордун аймагынан союлуп, калаага алып келинген этти шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматы кабыл албайт жана ага сатууга тиешелүү маалымдама беришпейт. Мындан сырткары, малды район аймагынан союп, этин калаага алып келген касапчыга айып пул салынат. Бир гана калаадагы эт комбинатынан союлган малдын этин гана сатууга уруксат берилет.

Ошол себептен касапчылар аталган кызматтын ишмердүүлүгүнө ишенбөөчүлүк көрсөтүп, өздөрүнүн талаптары менен нааразычылык билдирип чыгышты.

Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлү Кубанычбек Каримжанов аталган кызмат мыйзам чегинде иштеп жатат деген пикирин билдирди.

"Союз мезгилинде ветеринария кызматына өтө катуу көңүл бурулуп, мал эт комбинатында гана союлчу. Акыркы 20 жыл аралыгында ветеринария тармагына көп көңүл бурулбай калды. Кесепетинен, мисал катары алсак, Алай, Чоң Алай райондорундагы бала бакчаларда балдарга альвеококкоз (эхинококкоз) оорусу жугуп жатат", — деди Каримжанов.

Ал эми жергиликтүү бийлик эгерде санитардык нормалар сакталып, талаптар аткарылса, мал союучу жайлар ишин уланта аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0