Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Шаршемби күнү күн ачык болот.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. 29-майда өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүйдө +29…+34, Талас облусунда +27…+32 градус жылуу болот. Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +30…+35 градуска жетери болжолдонду. Ысык-Көлдө +20…+25 жана Нарын облусунда +21…+26 градуска чамалап барат.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +32…+34, Бишкекте +31…+33 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0