Кыргыздын алгачкы президенти. Абдыкадыр Орозбеков тууралуу 7 факты

Жазылуу
Өлкө тарыхындагы ири мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин бири болгон, алгачкы президент атыккан Абдыкадыр Орозбековдун жашоосу чындыгында эле өтө уникалдуу. Кыргыз жергесинде жаңы замандын орноосуна эбегейсиз салым кошкон саясатчыга тагдыр малайлыкты да, өлкө башчылыкты да буюрган.

Азыркы Кыргызстандын түптөөчүлөрүнүн бири болгон Абдыкадыр Орозбеков өз мезгилиндеги кыргыздын алдыңкы инсандары болгон бир катар санаалаштары менен бирге "эл душманы" жалаасы жабылып атылган кезинда 49 жашта эле. Sputnik Кыргызстан агенттиги мындан туура 81 жыл мурда өлтүрүлгөн улуу инсан тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Сборник произведений Тологона Касымбекова - Sputnik Кыргызстан
Атасынын 45 жашында көргөн тун уулу. Төлөгөн Касымбеков тууралуу 8 факты
Азаптуу балалык. Абдыкадыр Орозбеков 1889-жылы Фергана облусунун Маргалаң уездиндеги (азыркы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда) Охна айылында жакыр үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Ал төрткө чыкканда байларга жалданып иштеп күн өткөргөн атасынан ажыраган. Жетим бала кедейликтин запкысын бала кезинен эле көрүп, балтыр эти ката элек кезинен кара жумушка бышып, билим алуунун ордуна эптеп болсо да үйүнө нан алып баруу үчүн тынымсыз иштеген. Байлардын пахта талааларында, наабайканаларда маңдай терин агызып оор турмуштун азабын жакшы эле тарткан. Бирок ошол эле кезде мындай каардуу жашоо-шарты анын саясий көз карашынын түптөлүшүнө эбегейсиз салым кошкон. Карапайым калктын ортосунда жүрүп, алардын көйгөйлөрүн жакындан билгендиги, Ферганадагы көп улуттуу эл менен жакшы мамиледе болгондугу анын келечекте саясий тепкичте тез арада жогорулоосуна өбөлгө болгон.

Жаңы замандын орноосуна чоң салым кошкон. 1916–1917-жылдары Орто Азиядагы бир нече аймактарда орус падышалыгы жүргүзгөн саясатка каршы көтөрүлүштөр чыга баштайт. Бул кездери Маргалаңда наабайканада иштеген Абдыкадыр Орозбеков карапайым жумушчулардын иш таштоосун уюштуруп, өзү да алдыңкы катарда жүрөт. Мындан улам камакка алынып, бирок элдин колдоосунан улам тез эле бошонуп чыккандыгы да бар. 1918-жылы большевиктер партиясына мүчө болуп, Кызыл Армиянын катарына кошулат. Орус падышалыгы кулап, Совет бийлиги орноп баштаган учурда басмачыларга каршы күрөштөргө жигердүү катышып, жаңы замандын келүүсү үчүн болгон аракетин жумшайт. Бул учурда катардагы жоокерден куралдуу топтун командирлигине чейин көтөрүлөт.

Алгачкы ажо. Абдыкадыр Орозбеков 1920-жылдан баштап жаңы курулган өлкөнүн коомдук жана саясий турмушуна баш-оту менен кирише баштаган. Үч жылга жакын убакыт айылдык жана райондук революциячыл комитеттерди жетектеген. Андан соң Ош аймактык эмгекчилер советинин жер бөлүмүнүн башчысы катары кызмат өтөйт. Саясаттагы ийгилиги жогорулап, 1925-жылы Кара Кыргыз автоном облусунун уюштуруу курултайында депутаттар аны облустун төрагалыгына шайлашат. Жетиштүү билими жок инсандын мындай кызматка келүүсү көпчүлүктү таң калтырса да, чындыгында эл арасынан чыккан, көп жыл кара жумуш менен алектенген эмгекчил инсан Советтик бийликтин идеологиясына туура келген жетекчи эле. Ошентип Абдыкадыр Орозбеков бүгүнкү Кыргызстандын биринчи президентине айланган. Бир жылдан соң Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп шайланат. Бул жылдары өлкөнүн конституциясын иштеп чыгууга, чек арасын белгилөөгө чоң салым кошот. Орозбековдун өкүмү менен Жусуп Абдрахманов Эл комиссарлар Кеңешинин төрагалыгына, Касым Тыныстанов Эл агартуу министрлигине, Төрөкул Айтматов Жалал-Абадга аким болуп дайындалган.

Советский государственный и политический деятель Юсуп Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Жусуп Абдрахманов тууралуу 9 факты
"Отузчулдардын" каты. Абдыкадыр Орозбеков 1925-жылы Кара Кыргыз автономиялык облусунун атынан Москвага кат жөнөткөн "отузчулардын" арасында болгон. Облус аймагында бийликтин аткаруу бутагында иштеген 30 кызматкер тарабынан жазылган катта партиянын кызматтык дайындоолору туура эмес жүргүзүлүп, анын негизинде эл чарбасы аксап, калк арасындагы жер бөлүштүрүүдө тең укуктуулук сакталбай жаткандыгы жана билим берүү боюнча кескин сындар айтылган. Арыздангандар аймактын өнүгүүсү үчүн агартуучулук чоң түрткү болуп бере тургандыгын белгилеп, жалпы бийлик өкүлдөрүн аталган маселеге көңүл бурууга үндөгөн. "Отузчулар" жалпы сегиз талап коюп, эгер ал шарттар аткарылбаса өздөрүн кызматтан алууну суранган. Жыйынтыгында Кара-Кыргыз автономиялык облусунун аткаруу комитетинин биринчи катчысы Михаил Каменский өз каалоосу менен кызматын тапшырган. Кагазга кол койгондордун да бир нечеси жумушунан айдалган.

Өлкөнү өнүктүргөн. Татыктуу билим ала албаган Абдыкадыр Орозбековдун эң негизги максаттарынын бири карапайым калктын сабатсыздыгын жоюу болгон. Мындан улам 1930-1931-жылдары жалпы журтту агартуу максатында кыргыз алфавитин негиздөө боюнча борбордук комиссияны жетектеп, бул жаатта ийгиликтүү иштерди жүргүзгөн. 1936-жылы Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган. Ошентип Абдыкадыр Орозбеков 1925-жылдан 1937-жылдын октябрь айына чейин Кыргызстандын мамлекет башчысы болуп кызмат өтөгөн. Бул 12 жыл ичинде Кыргызстан экономикалык, коомдук жана маданий жактан алгылыктуу өнүккөн мезгил эле. Анын жетекчилиги астына кыргыз жана орус драма театралары, бир катар жогорку окуу жайлар, мамлекеттик филармония курулган. Ал камалуусуна жарым жыл калган кезде Бүткүл кыргыздардын V съездинде жасаган баяндамасында "1924-1937-жылдардын аралыгында ондогон өнөр жай ишканалары курулуп, өндүрүш 7, дандын түшүмү 4, пахтаныкы 7 эсеге көбөйдү. Калктын сабаттуулугу 68 пайызга чыкты. Кыйын кырдаалдарга карабай жүздөгөн жолдор салынып, унаалардын саны миңден ашты", — деп билдирген.

Президиум V Всекиргизского съезда Советов в апреле 1925 года - Sputnik Кыргызстан
Компартияга айбат көрсөткөн кыргыз интеллигенциясы. "Отузчулардын" каты
Репрессиянын курмандыгы. 1937-жылдын соңунда кандуу репрессия заманы башталып, кыргыздын мен деген залкар инсандары биринин артынан бири жок кылына баштаган. Бул кыргынга Абдыкадыр Орозбеков да кабылган. Ал "Туран" улуттук партиясынын мүчөсү деген жалган айып менен камалып, атууга өкүм кылынган. Түрмө ичинде бир нече ай азаптуу кыйноолорго кабылып, 1938-жылы 18-майда атып өлтүрүлгөн. Абдыкадыр Орозбеков каза болгондон 18 жылдан кийин 1956-жылы акталган. Анын сөөгүнүн кайсыл жерге көмүлгөндүгү азыркыга чейин белгисиз. Такталбаган маалыматтар боюнча Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө бейкүнөө атылып кеткендер менен жалпы чуңкурга жашырылган болушу мүмкүн.

"Эл душманынын" үй-бүлөсү. Абдыкадыр Орозбеков "эл душманы" аталып өлтүрүлгөндө анын артында жубайы Адалат, эки уулу жана бир кызы жетим калган. Алар да башка репрессия курмандыктарынын үй-бүлөлөрү сыяктуу адилетсиз куугунтукка кабылышкан. Атургай аты-жөнүн өзгөртүп жер которуп, бекинип жашоого аргасыз болушкан. Саясатчынын айылдагы туугандары да "чыккынчынын жакындары" деген жалаадан арыла алышкан эмес. Эл башчынын урпактары ал качан гана акталган кезде Фрунзеге көчүп келип, элге аралашып жашап башташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0