Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровПогода в Иссык-Кульской области
Погода в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. 7-майда республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетип турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +21…+26, Таласта +22…+27, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +23…+28 градуска жетет. Ысык-Көл жана Нарын аймагында +14…+19 градус жылуу болот.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +25…+27, Бишкекте +21…+23 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0