Кадрдан жаныбарлар менен иштеген артист өзүнүн мойнуна питонду бир нече жолу орогонун көрүүгө болот. Бир аз убакыт өткөн соң ал көрүүчүлөрдүн көз алдында жыгылып калган.
Циркке келгендер артист муунуп калганын баамдаган эмес. Эс-учун жоготкон кызматкерге кесиптештери жардамга келип, мойнунда асылган питонду алышкан. Анын абалы азыркыга чейин белгисиз.
Аталган видео YouTube тармагына 2-майда жайгаштырылган. Аны биринчилерден болуп Алхер Саркулов аттуу колдонуучу жарыялап, окуя Казакстандагы шаарлардын биринде болгондугун жазган.
Ошол эле маалда "Известия" бул видео Дагестанда тартылгандыгын маалымдоодо.