БИШКЕК, 4-май — Sputnik. 20-майда Бишкекте кыргыз-казак бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдирди.
Ага ылайык, форумга катыша турчу компаниялардын так саны жакындаганда билинет.
Казак тараптан катыша турчу компаниялар:
- "СарыаркаАвтоПром" (жүргүнчү ташуучу транспорт чыгаруу жана сатуу);
- "Келет" (машина куруу);
- "КазАрматура";
- "Корпорация Казахмыс" (тоо-кен иштетүү), Кыргызстанда Бозумчак алтын кенин иштетет;
- "Леовит" (биоактивдүү кошулмаларды чыгаруу);
- "Актюбрентген" (медициналык рентген аппараттары жана комплекси);
- "ПО Глобал-Спецодежда" (атайын кийимдерди чыгаруу).