Ысык-Көлдүн дагы кайсы жерине уранды чалгындоого лицензия берилген? Өкмөттүн жообу

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүПриаргунское производственное горно-химическое объединение
Приаргунское производственное горно-химическое объединение - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Момбеков элдин пикири экспертизадан да жогору экенин айтып, экспертизанын жыйынтыгы чыгат деп күтпөө керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин жалпы жыйынында Ысык-Көл облусунда уран кенине байланышкан канча лицензия бар экенине кызыкты.

Учурда Жогорку Кеңеш "Кыргызстан калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов жалпысынан төрт лицензия берилгенин айтты.

"Бул Жети-Өгүз районундагы Сары-Сай аянтчасы, Ак-Суу районундагы Сары-Жаз менен Бүркүт аянтчасы бар. Андан сырткары, Кызыл-Омпол аянтчасы да бар. Булардын бардыгына лицензия чалгындоо үчүн берилген", — деди Осмонбетов.

Урановые хвостохранилища в городе Майлуу-Суу - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда уран калдыктары сакталган канча жай бар экени айтылды
Депутат эгер Кызыл-Омполдогу уран кени ачылса, Кыргызстандын көрө турган пайдасы жана тарта турган зыяны кандай экенине кызыкты.

Осмонбетов аталган кенди казып иштетүүгө лицензиясы жок экенин, ал эми түшө турчу пайда техникалык-экономикалык негиздемеде так көрсөтүлөрүн айтты.

Эл өкүлү Момбеков элдин пикири экспертизадан да жогору экенин айтып, экспертизанын жыйынтыгы чыгат деп күтпөө керектигин белгиледи. Аны менен катар Ысык-Көл аймагында уран казууга, чалгындоого түбөлүк "жок" деген чечим кабыл алуу керектигине токтолду.

"Мындай жерге түбөлүк чечим керек, экспертиза чыксын деген болбойт, элдин пикири - экспертизанын эң негизгиси", — деди Момбеков.

Андан сырткары, депутат ӨКМдин балансындагы урандын уулуу калдыктары сакталган жайларды рекультивация кылууга канча каражат кетерине кызыкты.

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов 134 миллион доллар керектигин айтты. Аны менен катар ӨКМдин балансына кирбеген, учурда иштеп жаткан уулуу калдыктар сакталуучу жайлардын эсеби өзүнчө экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0