00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстанда кызамыктын жайылышына ким күнөөлүү. Мектеп дарыгеринин пикири

© Sputnik / Игорь ЗарембоВакцинация детей в Калининграде
Вакцинация детей в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медик өлкөгө сапаттуу вакциналар алып келинип жаткандыгын, алардын ден соолукка кооптуулук жаратпай тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстанда кызамык бир нече себептерден улам көбөйүп кетти. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Бактыгүл Жумакулова билдирди.

Бул туурасында ал 30-апрелде Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Эмдөөдөн баш тартуу эмнеси менен коркунучтуу?" деп аталган темадагы тегерек столдо айтты.

Жумакулованын пикиринде, оорунун көбөйүшүнүн бир себеби — мектепке чейинки жайларда иммунизация жасоодогу кемчиликтер.

"Кызамыктын чыгышы министрликти кайсы жерден кемчилик кетип калгандыгына көңүл бөлүүгө мажбур кылды. Бул маселеге бала бакчада жетиштүү көңүл бурулган эмес. Эгерде ал жерде иш ырааттуу алып барылса, көйгөй жаралбайт эле", — деди ал.

Педиатр элетте, облустарда эмдөө иштери начар экендигин, мектеп менен бала бакчаларда бул иштерди жүргүзүү үчүн атайын кабинеттер жоктугун кошумчалады. Дагы бир себеп — ички жана тышкы миграция.

"Көп балдар 1-6 жашында керектүү эмдөөнү албайт, буга анын ата-энесинин жер которуп, улам көчүп жүргөнү себеп", — деп түшүндүргөн Жумакулова.

Ал вакциналардын сапатына эч кандай нааразылык жоктугун айткан.

Теолог, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эмдөө жана дин. Эксперт Маликов элди жаңылып калбоого чакырды
"Алып келгендер өзүнүн милдетин так аткарып жатат. Эмдөөдөн кийин кабылдап кеткен жок. Сайган жердин шишип калышы — сейрек кездешкен учурлар. Ал эми жаш адистер вакцинаны салганда кемчилик кетирип алып жатышат. Алардын ишин жакшыртуу жана тажрыйбасын арттыруу көңүл бура турган учурлардан", — деген ал.

Дарыгер диний көз караштар эмдөө алуудан баш тартуунун башкы себеби катары актуалдуу болбой бара жатат. Көп ата-энелер өздөрү корккондуктан вакцинацияны четке кагууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова эмдөөдөн кийин кандайдыр бир терс таасир сыяктуу көрүнүштөр болсо, ал баштан-аяк көзөмөлгө алынат.

"Былтыр мындай учурдун 89 ирет болгонун тапканбыз. Бул негизинен кургак учукка жасалган эмдөөдө кездешүүчү учурлар. Ал убактылуу, өтүп кете турган көрүнүш. Көзөмөл жүргүзөбүз. Мындай жагдайлар жыл сайын кездешкени менен саны өзгөрбөйт деле. Ал Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун бекиткен индикаторлор менен дал келет", — деди Ишенапысова.

Кыргызстанда 2019-жылдын февраль айында кызамык менен ооругандардын жарымынан көбү бир жашка чейинки бөбөктөр экени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0