БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча федерациясы оюнчу Зарина Ахматкулованын Бангладештин командасына киргизген голун чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Кыргызстандын курама командасы Бангладеш менен болгон беттеште 2:1 эсебинде утулуп калды. Бирок ага карабастан кыргызстандык оюнчулар жарым финалга чейин чыккан. Алардын атаандашы Тажикстан менен Лаостун оюнунан кийин белгилүү болот.
Бангладеште Bangamata U-19 Women"s International Gold Cup 2019 турнири башталып, ага 19 жашка чейинки кыздар катышууда. Мелдешке Кыргызстандын курама командасы да барган. Кыргызстандык оюнчулар биринчи беттеште Бириккен Араб Эмирлигинин футболчулары менен чыгып, 2:1 эсебинде утуп алган.