Кыргызстандык кыз арабдардын дарбазасына укмуштуудай гол киргизди. Видео

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстанская футболистка Айжан Боронбекова
Кыргызстанская футболистка Айжан Боронбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын курама командасы футбол боюнча турнирдин биринчи оюнунда жеңишке жетти.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстандык футболчу Айжан Боронбекова топту бурчтан тээп, укмуштуудай гол киргизди.

Бангладеште Bangamata U-19 Women"s International Gold Cup 2019 турнири башталды. Ага 19 жашка чейинки кыздар катышууда.

Кыргызстандын курама командасы турнирдин биринчи оюнунда Бириккен Араб Эмирлигинин оюнчулары менен кез келип, 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Women Football Association 🇰🇬 (@wfa_kr)

Боронбекова оюндун 6-мүнөтүндө бурчтан тээп гол киргизсе, 10 мүнөттөн кийин Кенжебүбү Ырысбек кызы эсепти эки эселеди. БАЭнин командасы бир эле топ киргизди.

26-апрелде Кыргызстандын командасы Бангладеш менен ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0