"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында ортодо калган келиндин каты жарыяланды.
- ...Үч жыл мурда чоң жоготууга учурадым. Турмушка чыкканыма жыл айлана электе жолдошумду унаа коюп кетип көз жумду. Алты айлык боюмда калып, төрөгүчө ары барып эле бери келдим окшойт. Бирок убакыт баарын дарылайт экен. Уулум төрөлүп, көзгө көрүнгөндөн кийин ал үчүн жашап, эл катары күнүбүз өтө баштады. Азыр студент сиңдим, балам үчөөбүз батирде турабыз.
Бирок ал үч ай мурда күтүүсүз жерден колумду сурады. Алгач үстүмө муздак суу куюп ийгендей жагымсыз абалда жүрдүм. Бирок бир нече күн ойлонуп-толгонуп, балким, балама жакшы болор деп жоошуп калдым. Кантсе дагы өз киши эмеспи. Анүстүнө өткөн жумада ойнотуп келем деп сейил бакка алып барып келди эле, балам аны "ата" деп калыптыр. Биринчи укканда жүрөгүм "зырп" эте түштү. "Мени ушинтип айт" деп көндүрдүбү, же бала өзү айттыбы, билбейм.
"Жок" деп так кесе токтотуп коеюн десем, мен үчүн кылып жаткан аракеттери жүрөк жылытат. Өзүм намаз окугандыктан, алгач колумду сураганда ушинтсем токтоп калаар деген ой менен "чылым чеккен, анда-санда ичимдик ууртап койгон адамга тийбейм" деп койгом. Эми эки айдан бери намаз окуп жатат. Айтор, жакшы жактары көп. Бирок жолдошумдун иниси менен кантип жашайм? Күйөө катары кабыл алып, сүйүп кете аламбы? Үч жыл мурда кара жамынган үйгө кайра барып багым ачылабы? Мунун баарын ойлонуп жатып уйкум каччу болду...
Саадат Сыдыкова, психолог:
Экинчиден, экөө тил табышып сүйлөшө алса, колдоого ала турган кадам. Эмнеге болбосун? Ал эми келин "Мурда кара салынган үйдөн кайра бактылуу боло аламбы?" деп суроо берип жатпайбы. Бул мыйзам ченемдүү тынчсыздануу. Ал кош бойлуу кезинде жашоодон катуу сокку алган. Демек, жарааты бар. Аны дарылаш үчүн адиске кайрылып, кеп-кеңеш алуусу керек.