Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКол чатыр көтөргөн адамдар. Архив
Кол чатыр көтөргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү республика боюнча жамгыр жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. 22-апрель, дүйшөмбүдө, көпчүлүк аймактарда жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +10...+15, Таласта +11...+13, Ысык-Көл өрөөнүндө +11...+16, Нарын жергесинде +12...+17, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13...+18 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында күн бүркөк болуп, кыска убакытка жамгыр жаайт. Күндүн табы Ошто +14...+16, борбор калаада +13...+15 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0